Орусия Ооганстандан жүздөгөн адамдарды, анын ичинде кыргызстандыктарды эвакуациялайт

Орусиянын Коргоо министрлиги Ооганстандын борбору Кабулга үч Ил-76 үлгүсүндөгү аскердик транспорттук учагын жөнөттү.

РИА Новостиге келип түшкөн аскердик ведомствонун билдирүүсүндө айтылгандай, бул авиациялык топ Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен түзүлгөн.

Учактардын ар бири Ооганстандын жергиликтүү калк үчүн 36 тонна гуманитардык жардам алып барат. Учактар кайра кайтканда Орусия, Беларус, Кыргызстан, Армения, Украина жана Ооганстандын 380ден ашык жаранын алып келүүсү пландалууда.

Бул адамдарга жардам берүү үчүн Кабулга керектүү медициналык жабдуулар жана дары-дармектер менен аскердик дарыгерлер жөнөтүлгөн.

Орусиянын Ооганстандагы элчиси Дмитрий Жирнов Кабул аэропортунан жарандарды эвакуациялоо өлкөнү көзөмөлдөгөн талиптердин жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү мамилеси менен ишке ашырыларын билдирди.

Комментарий жиберүү