«Талибан» режимди сындаганы үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө барышы мүмкүн

Орусия Ооганстан тараптан коркунуч жаралган учурда Борбор Азия өлкөлөрүнө жардам берүүгө даяр экенин Sputnik Тажикстанга Орусиянын Федерация кеңешинин Эл аралык мамилелер боюнча комитетитинин төрагасынын орун басары Владимир Жабаров билдирди.

“Эгер зарылчылык жаралса жардам беребиз, бирок коргоо жана коргонуу үчүн гана”, – деди ал.
Жабаров Ооганстандагы оппозициялык күчтөрдү колдоо региондо тирешүүнүн жаңы очогуна алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

“Талибан өз жоочуларын Борбор Азия республикаларына жөнөтүшү мүмкүн – бул жаман вариант. Ошондуктан Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан бул Ооганстандын ички иши деген нейтралдуу позицияны карманып жатышат жана алар буга кийлигишүүнү каалашпайт”, – деп түшүндүрдү төраганын биринчи орун басары.

Ооганстандагы кырдаал май айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгарылып жаткан учурда  курчуп кеткен. “Талибан” радикалдык кыймылынын жоочулары өлкөнүн ири шаарларына чабуул коюп, дээрлик бүт республиканы көзөмөлгө алышты.

Өткөн аптада талиптер Ооганстандагы бардык чек ара бекеттерин көзөмөлдөп жатканын жарыялашкан. Кийинчерээк жоочулар Кабулга кирип, президенттин сарайды ээлеп алганы белгилүү болгон.

Буга байланыштуу Ооганстандын президенти Ашраф Гани отставкага кетип, республикадан качып кеткен.

Комментарий жиберүү