Таттуу суусундуктар өмүрдү кыскартат

Курамында кумшекери көп суусундуктарды көп колдонгондордун эрте көз жумуу тобокелчилиги жогору.

Бул тууралуу Калифорния университетинин окумуштуулары билдиригенин чет элдик басылмалар жазышты.

Сан-Диегодогу Калифорния университетинин окумуштуулары таттуу суусундуктарды тынбай ичүү менен эрте өлүмдүн ортосундагы байланышты аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүшкөн.

Анын жыйынтыгында, таттуу суусундукту көп колдонгон аялдар ар түрдүү ооруларга чалдыгып, эрте көз жумушу ыктымал деген тыянак чыгарылган.

Маалыматка караганда, илимпоздор 20 жылдын аралыгында 53 жаштагы 100 миңге жакын аялдын тамактануу рационун карап чыгышып, катышуучулардын кайсы алкоголсуз суусундукту көп ичери эске алынган.

Натыйжада, аялдардын ден соолугуна курамында кумшекери көп суусундуктар терс таасирин тийгизип, ар түрдүү ооруларга чалдыгып, эрте көз жумушу ыктымал экени аныкталган.

Окумуштуулардын билдирүүсүнө караганда, изилдөөгө катышкан 14 143 аял жүрөк-кан тамыр же онкологиялык оорудан көз жумушкан. Алар жумасына таттуу суусундуктун жетиден көп түрүн ичкенди адат кылып алганы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, диетологдор да таттуу азыктарды ченинен ашык колдонуу ден-соолукка өтө зыян алып келерин баса белгилеп келишет. Ошондой эле, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жакында эле мамлекеттерге семирүү, диабеттин өтүшүп кеткен учурларын азайтуу үчүн таттуу суусундуктарга 20 пайыздык салык киргизүүнү сунуштап, билдирүү жасаган.

Комментарий жиберүү