30 миңден ашуун казакстандык жигиттер жубайсыз калышы мүмкүн

Казакстанда эркектерге караганда аялдар көп деп ойлоого көнгөнбүз.

Бирок, чындыгында абал биз күткөндөн алда канча башкача болуп чыкты.
Илимпоздордун айтымында, дүйнөдө 5 млн. эркекке жубай жетишпей калышы мүмкүн.
Албетте, жалпысынан алганда дүйнөдө аялдардын саны басымдуулук кылат деп айта алабыз. Бирок аялдардын басымдуу жамаатын орто жаштан ашып калган аялдар түзөт.
 Казакстандын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар агенттигинин Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2020-жылы аялдардын саны 9 597 645ти түзгөн. Эркектердин саны жарым миллионго аз, болгону 9 034 134 эркекти түзгөн.
 Бирок, бул көрсөткүч эркектердин жашоо узактыгынын төмөндүгүнө байланыштуу.
Эгерде эркектер арасында 20-29 жаш арасындагы категорияларды алсак, көбүнчөсү үйлөнүү тууралуу ойлонушкан маалда, быйылкы абал күйөө балдар үчүн абдан кейиштүү көрүнөт. Анткени 20 жаштан 24 жашка чейинки  кыздар балдарга караганда 23,7 миңге аз; болгону өлкөдө бардыгы болуп 591,5 миңге жетет. Ал эми, 25 жаштан 29 жашка чейин эркек калктын саны 8,5 миң кишиге басымдуулук кылат.
Тагыраак айтканда, бул курактык категорияда 737.235 миң кыз болсо, 745.710 миң эркек бар.
Жалпысынан 20-29 жашка чейинки кыздар бир эле курактагы балдарга салыштырмалуу 32,2 миңге аз. Ошол эле учурда Казакстанда эркек балдар көбүрөөк төрөлүүдө.
Жаштар категориясында эркектер дагы басымдуулук кылат – 15тен 29 жашка чейин. Эркек өспүрүмдөргө караганда 15 жаштан 19 жашка чейинки кыздар 29 миңге аз. Бул жакын арада Казакстанда аялдардын жетишсиздиги 50 миң адамга чейин өсүшү мүмкүн дегенди билдирет.

Комментарий жиберүү