БМУда Ирандын тарыхы жана маданиятынын сүрөт көргөзмөсү өттү. Сүрөттөр

БМУда Ирандын тарыхы жана маданиятынын сүрөт көргөзмөсү өттү. Сүрөттөр

Борбор калаадагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) Иран жана Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата «Ирандын тарыхы жана маданияты». «Бүгүнкү Иран» аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чара Ирандын Бишкектеги маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Ага  Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Гасеми, БМУнун ректору Мусаев Абдылда, БМУнун Чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов,  БМУнун Чыгыш таануу факультетинин кафедра башчысы, кыргыз-перс сөздүгүнүн түзүүчүсү Нурлан Балтабаев, окутуучулар жана студенттер катышты. Көргөзмөнүн ачылышынан кийин иш-чаранын коноктору университеттин залындагы Ирандын кол өнөрчүлүк…

Прочитайте больше

Сирияда эки ирандык шейит болду; Ирандын катуу өч алуусу күтүлөт

Сирияда эки ирандык шейит болду; Ирандын катуу өч алуусу күтүлөт

Бүгүн Тегеранда Ирандын КСИР күчтөрүнүн сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Ислам революциясынын сакчыларынын шейиттери Мортеза Саиднежад менен Эхсан Кербалаи-Пурдун ыйык сөөктөрүн жерге берүү зыйнаты бүгүн бейшемби, 10-март Тегерандын Сепах аянтында жайгашкан Фатеме Захра Хосейнияда өткөрүлдү. Эл менен коштошуу зыйнаты саат 16:00дөн 18:00гө чейин шейит болгон Ахваз элинин катышуусунда өттү. Белгилей кетсек, шейит Мортеза Саиднежад жана шейит Эхсан Кербалаи-Пур 7-мартта, сионисттик режимдин Сириянын Дамаск шаарынын чет жакаларына ракеталык чабуулунан шейит…

Прочитайте больше

БУУ: Украинадан 2 миллиондон ашуун адам чыгып кетти

БУУ: Украинадан 2 миллиондон ашуун адам чыгып кетти

Украинада атайын аскердик операция башталгандан бери өлкөдөн 2 миллиондон ашуун адам чыгып кетти. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди Твиттерден билдирди. “Бүгүн Украинадан качкындардын агымы эки миллион адамга жетти. Эки миллион”, — деп жазган ал. БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин маалыматы боюнча, Польшага 1,2 миллиондон ашуун адам, Венгрияга 191 миңден ашуун, Словакияга 140 миң, Орусияга 99 миң, Молдовага 82 миң, Румынияга 80 миңден ашуун адам кетсе, башка европа өлкөлөрүнө – 200 миңден ашык адам…

Прочитайте больше

Австралияда бороон менен коштолгон суу ташкындары миндеген адамдарды үй-жайсыз калтырды

Австралияда бороон менен коштолгон суу ташкындары миндеген адамдарды үй-жайсыз калтырды

Австралиянын чыгышында бороон жана селден миңдеген адамдар үй-жайсыз калышты. Бул тууралуу Австралиянын маалымат каражаттары жергиликтүү булактарга таянуу менен билдиришкенин чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Өлкөнүн чыгыш тарабында акыркы күндөрү жүргөн катуу сел жана бороондон оор жоготуулар болгон. Акыркы күндөрү Австралиянын чыгыш жээгинде кеминде үч жерде катуу сел коркунучу жарыяланып, миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Өлкө бийлиги буга чейин Сиднейдин он миңдеген тургундарын коргонуу үчүн үйлөрүн таштап кетүүгө чакырган. Алдын ала маалыматтарга караганда, селден…

Прочитайте больше

Кыргызстанда доллардын куну 103 сомдонашты

Кыргызстанда доллардын куну 103 сомдонашты

Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары валюта курсун жаңылашты. 9-март, саат 16.00дө максималдуу сатуу 103 сомду, сатып алуу 100 сомду түздү. Valuta.kg сайтынын маалыматына ылайык, 9-март түштөн кийинкиге карата доллар орточо эсеп менен алганда 95,83 сомдон сатылып алынып, 102,33 сомдон сатылып жатат. Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 97 сом 67 тыйын боюнча калууда. Ал эми евро 11223 сом болсо, рубль 1,062 сомдон сатылууда.

Прочитайте больше

АКШ Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар экенин тастыктады

АКШ Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар экенин тастыктады

АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд Украинада биологиялык изилдөө  объектилери бар экенин жана АКШ алардын орусиялык күчтөрдүн көзөмөлүнө түшүп калбашы үчүн иш алып барып жатканын ырастады. Мындай билдирүүнү ал АКШ Конгрессинин Сенатынын тышкы иштер комитетинде угууда Украинада химиялык курал барбы деген суроого жооп берип жатып билдирди. Бул тууралуу ТАСС жазды. “Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар, чындыгында, биз азыр орус аскерлери аларды көзөмөлгө алууга аракет кылышы мүмкүн деп абдан тынчсызданып жатабыз. Андыктан биз украиндер…

Прочитайте больше

Ирандык генерал: Иран космоско спутник учурган биринчи мусулман өлкө

Ирандык генерал: Иран космоско спутник учурган биринчи мусулман өлкө

Иран “Нур-2” деп аталган спутнигин космоско ийгиликтүү учурганын, аппарат орбитага жеткенин билдирди. Спутникти учуруу иш-чарасында сөз сүйлөгөн Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, генерал-майор Хусейн Салами Иран космоско спутник учурган алгачкы мусулман өлкөсү экенин белгиледи. Генерал космосто болуу дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн критерийлеринин жана көрсөткүчтөрүнүн бири экенин баса белгилеп, “Биз кайрадан асмандан көз салып, космостон жерди карай алганыбыз чоң жетишкендик”, – деди. Ал иран элинин уулдары эл аралык санкцияларга карабастан өз күчүнө таянып космоско спутник учура алганы…

Прочитайте больше

НАТОнун Каспий деңизинин жээгиндеги кеңейиши жана Орусиянын коопсуздук маселеси

НАТОнун Каспий деңизинин жээгиндеги кеңейиши жана Орусиянын коопсуздук маселеси

Орусиядагы көрүнүктүү саясий жана илимий ишмер, доктор Федор Лукьянов өзүнүн жеке сайтында Адам Томсондун сайтына шилтеме жасап, Кавказ чөлкөмүндөгү соңку маселелерге жана израилдик жогорку даражалуу дипломаттын комментарийлерине байланыштуу эскертүүсүн жарыялады. Россиянын «Дүйнөлүк иштер» журналынын башкы редактору, Россиянын тышкы жана коргонуу саясаты боюнча кеңешинин төрагасы, доктор Федор Лукьянов, ошондой эле «Валдай» эл аралык диалог клубунун изилдөө бөлүмүнүн директору, Россиянын экономика факультетинин профессору. Улуттук изилдөө университети, НАТО жана Орусиядагы акыркы окуяларды карап чыкты. Көтөрүлгөн маселелердин маанилүүлүгүнөн улам…

Прочитайте больше

Кыргыз-кытай чек арасында товар өткөрүүнүн саны пандемияга чейинки мезгилге жетти

Кыргыз-кытай чек арасында товар өткөрүүнүн саны пандемияга чейинки мезгилге жетти

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жана КЭР СУАР төрагасынын орун басары «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн талкуулады. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев КЭР Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун элдик башкармалыгынын төрагасынын орун басары Лю Суше менен видеоконференция форматында сүйлөшүү жүргүздү.  Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аянтында кыргыз жана кытай делегацияларынын катышуусунда өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы санитардык-эпидемиологиялык чаралардын алкагында өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр…

Прочитайте больше

Кытай: Орусия менен КЭРдин соода алакалары кескин өстү

Кытай: Орусия менен КЭРдин соода алакалары кескин өстү

Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдын алгачкы эки айында 38,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы маалымдаганын РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, эки айда товар жүгүртүү 26 миллиард 431 миллион долларды түзүп, бул убакыт аралыгында Кытайдан Орусияга товар экспорту 41,5 пайызга кескин өсүп, 12 миллиард 617 миллион долларды түзгөн. Өз кезегинде Орусиядан Кытайга сатуу да көбөйгөн. Орусиядан Кытайга товар жеткирүү 35,8 пайызга өсүп, 13 миллиард 813 миллион долларды түзгөн. Буга чейин, The…

Прочитайте больше

Орусия Украинада жымжырттык режимин жарыялайт

Орусия Украинада жымжырттык режимин жарыялайт

Франциянын президентинин өтүнүчү боюнча Орусия Украинада жымжырттык режимин жарыялайт жана гуманитардык коридорлорду ачат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдаганын ТАСС билдирди. Маалыматта Франциянын президенти Эммануэль Макрондун кесиптеши Владимир Путинге кайрылуусу менен Орусия 7-мартта Москва убактысы боюнча саат 10:00дө Украинада жымжырттык режимин жарыялары айтылат. Мындан тышкары, өлкөдө гуманитардык коридорлор ачылары, карапайым тургундар Киев, Мариуполь, Харьков жана Сумы шаарларынан тоскоолдуксуз чыгып кете алышары баса белгиленген. Эскерте кетсек, Орусия 24-февраль, бейшемби күнү эртең менен Украинада аскердик операция баштаган. Өлкө президенти Владимир Путин…

Прочитайте больше

Европада газдын баасы 3800 доллардан ашты

Европада газдын баасы 3800 доллардан ашты

Европада газдын баасынын өсүүсү тездеп, бир миң куб метрине 3800 доллардан ашты. Бул тууралуу орусиялык  Lenta.ru маалымат агенттиги жазды. Журналисттер Лондондун ICE фондулук биржасынын маалыматына шилтеме жасап жатышат. Алынган маалыматка караганда, сооданын ачылышында бир миң куб метр газдын баасы 2366,8 долларды түзсө, бир нече мүнөттөн кийин 2700 долларга жетип, андан кийин 3800 долларга чейин көтөрүлүп кеткен. Адистер мындай кескин өсүштү Европанын жер астындагы кампаларындагыкамдык (запастык)  толтуруунун деңгээлинин төмөндүгү, жеткирүүчүлөрдүн чектелүүлүгү жана Азияда суюлтулган газга болгон…

Прочитайте больше

Ирандын президенти: Украинанын эли АКШнын каардуу саясатынын курмандыгы болду

Ирандын президенти: Украинанын эли АКШнын каардуу саясатынын курмандыгы болду

Ирандын президенти Ибрхим Раиси Украинанын эли АКШнын каардуу саясатынын курмандыгы болду деп эсептейт. “Украинанын эли дагы Ооганстан, Йемен жана Ирактын эли сыяктуу эле АКШнын каардуу саясаттарынын курмандыгы болду”,- деп билдирди Раиси Министрлер кабинетинин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө. “Ислам Республикасынын Жогорку лидери (Аятолла Али Хаменеи) белгилегендей, Иран согушка каршы, согуш канчалык эрте бүтсө, бардыгы үчүн ошончолук жакшы”, – деди ал. Эске салсак, буга чейин Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Украина АКШнын кризис жаратуучу саясатынын курмандыгы болуп калганын жана Украинаны ушул…

Прочитайте больше

Brent мунайынын баасы 2008-жылдан бери биринчи жолу баррелине 130 доллардан ашты

Brent мунайынын баасы 2008-жылдан бери биринчи жолу баррелине 130 доллардан ашты

Дүйшөмбү күнү Brent мунайынын баасы 2008-жылдан бери биринчи жолу бир баррелине 130 доллардан ашып, 2012-жылдагы 128 доллардын эң жогорку чегинен да жогорулады. Москва убактысы боюнча саат 2:28ге карата Brent мунайынын май фьючерстеринин баасы 9,35%га кымбаттап, баррелине 129,06 долларды түздү. WTI апрель фьючерстери 9,68%га кымбаттап, 126,12 долларды түздү. Ал эми 2,06 Brent мунайдын баасы болжол менен 130,3 долларга жеткен. Ошол эле учурда, Лондондун ICE Futures биржасы Brent мунайынын баасы жогорку деңгээлге жетип, бир баррелинин баасы 138…

Прочитайте больше

Зеленский: Биз эч кандай гуманитардык жардам алган жокпуз

Зеленский: Биз эч кандай гуманитардык жардам алган жокпуз

Украинанын президенти: Биз артка чегинбеген жана кечирбеген элбиз. «Биз бул согушка кимдер даярданып жатканын жана алар кандай жооп берерин билебиз. Жай тургундар үйлөрүн таштап, өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш. Бизге гуманитардык жардам тууралуу көп айтылды, бирок биз дагы деле эч нерсе көрө элекпиз», — деди Зеленский

Прочитайте больше
1 109 110 111 112 113 205