Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 11-12-марттагы Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Мамлекеттик сапар Ташкент шаарында «Эгемендик» аянтындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Андан соң «Куксарой» резиденциясында Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп, кийин мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн президенттери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда ачык-айкын, достук…

Прочитайте больше

Европа Биримдиги адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу Кытайга каршы санкция киргизет

Европа Биримдиги адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу Кытайга каршы санкция киргизет

Айрым Батыш булактары Европа Биримдиги Синьцзян аймагында адам укуктарын бузду деген айып менен төрт кытай чиновнигине жана бир мекемесине каршы санкция киргизүүнү көздөп жатканын билдиришти. Бул тууралуу “Wall Street Journal”гезити жазганын «Fars News» агенттиги маалымдады.“Wall Street Journal” аты аталбаган булакка шилтеме берип, саякаттоого тыюу салуу жана мүлктү тоңдурууну камтыган санкциялар ушул айдын этегинде Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында бекитилерин билдирди.Санкциялана турган Кытай чиновниктеринин ысымдары жана мекеменин аталышы азырынча белгисиз.Айрым Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Улуу Британия, Канада…

Прочитайте больше

Иранда президенттик шайлоого даярдыктар башталды

Иранда президенттик шайлоого даярдыктар башталды

Иран 18-июнга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди каттай баштады. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Иранда өтө турган президенттик шайлоо жарышына катышууну каалагандар арыздарын 16-мартка чейин тапшыра алышат.Белгилей кетсек, расмий түрдө, бекитилген талапкерлердин арасындагы шайлоого карата үгүт иштери шайлоого бир ай калганда башталат.Эске салсак, Иранда президент өлкөнүн руханий лидеринен кийинки эң маанилүү жетекчи болуп саналат. Ал Конституциянын аткарылышы үчүн жооптуу, аткаруу бийлигин жетектейт, министрлерди дайындайт жана алардын талапкерлигин парламенттин бекитүүсүнө киргизет. Ошондой эле министрлер кабинетинин аракеттери жөнүндө парламентке отчет…

Прочитайте больше

Кыргызстандын аймагынан сыртта жүргөн жарандар керек документти аралыктан ала алышат

Кыргызстандын аймагынан сыртта жүргөн жарандар керек документти аралыктан ала алышат

Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары керектүү документтерди аралыктан ала алышат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №27 «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуунун мындан аркы чаралары жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи кезектеги иш-чараларынын бекитилген планынын алкагында Кыргыз Республикасынын чет жакта жашаган жарандары «Суратып алдыртып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү ар түрдүү документтерди сурап ала алышат. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын…

Прочитайте больше

Бүгүн- Мираж түнү. Пайгамбарыбыздын (с) түнкү саякатынан алынчу сабактар

Бүгүн- Мираж түнү. Пайгамбарыбыздын (с) түнкү саякатынан алынчу сабактар

Биздин замандын 620-жылы Ражаб айынын 27сине караган түнү Пайгамбарыбыз Мухаммед (с) керемет түнкү саякатка чыккан. Пайгамбарыбыз Меккеден Иерусалимге (Аль-Кудс) алып келинип, андан ары жогору көтөрүлгөн. Бүгүн, 10-марттан 11-мартка караган түнү “Аль-Исра валь-Мираж” деген ат менен белгилүү дал ушул керемет түнкү саякат орун алган. Ыйык Куранда бул тууралуу “Исра” сүрөсүнүн 1-аятында мындай деп айтылат:“Харам мечитинен белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз кут даарыткан Акса мечитине, түн ичинде пендесин сейил жасатканга аруулук! Акыйкатта, Ал – Угуучу, Көрүүчү!”…

Прочитайте больше

Мираж түнү

Мираж түнү

Ражаб айынын 27-түнү. Мираж “тепкич, баскыч” деген маанини билдирет. Расулуллах асманга чыгарылган, биз билбей турган жерлерге алып барылган түн. Меккенин эли ыйман келтирбей, мусулман болгондорго көп азап кылган жылдар эле. Ошондуктан, Пайгамбарыбыздын көңүлү ооруган эле. Бул окуя кезинде хижраттан бир жыл мурда, элүү эки жашта болчу. Зейд бин Харисти жанына алып, Таифке барат. Таиф калкына бир ай вааз-насыят айтып, ыйманга чакырат. Эч ким ыйман келтирбей, аны маскара кылышыт. Ыйык денесин жаралап, азап көрсөтүшөт. Өздөрүнө Аллахтан…

Прочитайте больше

2020-жыл АКШнын тарыхында өлүм-житим көп катталган жыл болду

2020-жыл АКШнын тарыхында өлүм-житим көп катталган жыл болду

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматы боюнча, АКШнын тарыхындагы өлүм-житим көп катталган жыл 2020-жыл болду. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Politico” басылмасына шилтеме берип жазды. Аталган борбордун маалыматына караганда, АКШда 2020-жылы 3 миллиондон ашык адам каза болгон, коронавирус жүрөк оорулары жана рак ооруларынан кийин өлүмдүн үчүнчү негизги себеби болуп калды. Белгиленгендей, COVID-19 АКШда өлүмдүн 15%га көбөйүшүнө алып келген. Жонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтары боюнча, АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 29 миллиондон ашып, 529 миңден ашыгы каза…

Прочитайте больше

Бириккен Араб Эмираттары жаңы дүйнөлүк рекорд койду

Бириккен Араб Эмираттары жаңы дүйнөлүк рекорд койду

Дүйнөдөгү эң чоң медаль БАЭде чыгарылды. Islam Today сайтынын маалыматына ылайык, БАЭ Гиннесстин рекорддор китебине дагы бир жолу кирди.Белгилей кетсек, Бирикке Араб Эмираты бул жолу  дүйнөдөгү эң ири алтын медалды чыгаруу менен рекорд койду.Рекордго кирген медалдын салмагы 68 км. диаметри 1,6 м. калыңдыгы 7,7 см. болгон.“Орусиялык Эмираттар” маалымат ресурсу билдиргендей, бул медаль Гиннестин рекорддор китебинин талаптарына ылайык – алтын жалатылган дат баспаган болоттон, ошондой эле сырткы четине оюп түшүрүлгөн жана жалпы узундугу 4 метрлик жасалган.Медалда 2008-жылы…

Прочитайте больше

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Мьянма армиясынын зордук-зомбулугун айыптады

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Мьянма армиясынын зордук-зомбулугун айыптады

БУУнун Коопсуздук Кеңеши  Мьянма армиясынын зордук-зомбулугун ашкереледи. Mehr News агенттигинин Франс Пресс агенттигине шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Мьянмадагы зордук-зомбулукту айыптаган билдирүү жасады.Белгилей кетсек, БУУнун Коопсуздук Кеңеши атайын билдирүүсүндө Мьянма армиясынын нааразычылык акциясына чыккан элди күч менен басуусун айыптаган.Эске салсак, Мьянманын аскердик күчтөрү өлкөдөгү демонстранттарга, анын ичинде аялдар менен балдарга карата катуу күч колдонушкан.Мьянма армиясы 1-февралда бийликтеги Демократиялык Биримдик партиясынын (DUP) лидеринин басма сөз катчысы Мев Анюн жана өлкөнүн тышкы иштер министри камакка алынгандан…

Прочитайте больше

Бишкекте “Күчтүү үй-бүлө – мамлекеттин келечеги” аталышында тегерек стол өттү

Бишкекте “Күчтүү үй-бүлө – мамлекеттин келечеги” аталышында тегерек стол өттү

10-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргогон “Мутакаллим” фондусу жана муфтияттын демилгеси менен “Үй-бүлөнү иреттештирүү”, “Ден-соолук” жана башка темаларга арналган тегерек стол өткөрүлдү. Eurasia Today сайтынын кабарчылар тобу билдиргендей, Бишкектеги “Орион” мейманканасында  10-мартта өткөрүлгөн “Күчтүү үй-бүлө бул – мамлекеттин келечеги” деп аталган конференция атайын айымдарга арналды.Конференцияда КР ДИМКнын өкүлү Исаева Гульназ Коңурбаевна, КМДБнын аппарат жетекчиси Эратов Равшан ажы, Мутакаллим фондусунун лидери Жамал Фронтбек кызы жана башка келген өкүлдөр тегерек столго арналган өз докладдарын окушту.   “Үй-бүлөдөгү ден соолук маселеси”, “Ислам жана ден соолук”, “Үй-бүлөнү иреттештирүү” …

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, өлкөгө расмий иш сапары менен келген Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы быйыл отуз жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи. Президент акыркы айларда эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин баса белгилеп, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Түркия тарапка ыраазычылыгын айтты. Садыр Жапаров өнөр…

Прочитайте больше

БАЭ Сирияны Араб Лигасына кайтып келүүгө чакырды

БАЭ Сирияны Араб Лигасына кайтып келүүгө чакырды

Абдулла бин Заид Сириянын Араб Лигасына кайтып келүүсүнө жол ача турган каналдар болушу керектигин билдирди. «Irib News» агенттигинин маалыматына ылайык, БАЭнин тышкы иштер министри Абдулла бин Заид Аль Нахайян Сирияны Араб Лигасына кайтып келүүгө чакырды.Ал бул тууралуу орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен биргеликте өткөргөн пресс-конференцияда билдирди.“Сириянын өзүнө таандык болгон чөйрөгө кайтып келүүсүнө жол ачылышы керек. Ким каалайт же ким каршы болот эч кандай мааниге ээ эмес”, – деди Абдулла бин Заид.Ошондой эле коференция алкагында, “Буга байланыштуу саясий тендерлер болгон…

Прочитайте больше

Кыргызстан жарандарын алып келүү үчүн Сирияга учак жөнөтөт

Кыргызстан жарандарын алып келүү үчүн Сирияга учак жөнөтөт

Кыргызстан Сирияга кетип, мекенине кайта албай жаткан жарандарынын алгачкы тобун учак менен алып келмей болуп жатат. Бул тууралуу 10-мартта парламенттин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов билдирди. Депутат Эрмамат Тагаевдин “Угушума караганда, жакында учак барып алып келет деген сөз бар. Ушу чынбы?” деген суроосуна ал төмөнкүчө жооп берди: “Чын. Ооба. Өкмөттүн буйругу чыкты. Атайын делегация барат. Алып келишет”. Канулькуловдун айтымында, өкмөттүн жаңы кабыл алынган буйругунун негизинде каржылык санкция…

Прочитайте больше

Тиш оорусу ракка алып келиши мүмкүн

Тиш оорусу ракка алып келиши мүмкүн

Илимпоздор рак менен ооз көңдөйдө жашаган бактериялардын байланышын аныкташкан. Бактериялар онкологиялык оорулардан тышкары инфаркт жана инсультка алып келери айтылат. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников тишти жана ооз көңдөйүн таза кармап турбаса олуттуу ооруларды чакырарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, илимпоздор буга чейин эле рак менен ооз көңдөйдө жашаган бактериялардын ортосундагы тыгыз байланышты аныкташкан. Зыяндуу бактериялар периодонтитте, тиштин жана анын бүйлөсүнүн ооруларында көбөйөт. Булар өз кезегинде уйку безинин рак оорусун пайда кылат….

Прочитайте больше

Сирияда террорчулар химиялык кол салууну пландаштырууда

Сирияда террорчулар химиялык кол салууну пландаштырууда

Сириядагы террорчулар Идлиб провинциясындагы Кбана аймагында химиялык кол салууну пландаштырууда. Бул тууралуу Орусиянын Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү борборунун башчысынын орун басары контр-адмирал Александр Карпов билдиргенин “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Карповдун айтымында, орусиялык борбор “Хaйат Тахрир аш-Шaм” террордук  тобунун согушкерлери Идлибде химиялык заттарды колдонуп, террордук операция жасоого даярданып жаткандыгы жөнүндө маалымат алган.  “Колдо бар маалыматтарга караганда, согушкерлер Сириянын өкмөттүк күчтөрүн дагы айыптоо үчүн карапайым адамдарга каршы химиялык курал колдонууну көздөп жатышат”, – деди Карпов. Белгилей кетсек, Сириядагы куралдуу…

Прочитайте больше
1 213 214 215 216 217 230