2020-жыл АКШнын тарыхында өлүм-житим көп катталган жыл болду

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматы боюнча, АКШнын тарыхындагы өлүм-житим көп катталган жыл 2020-жыл болду.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Politico” басылмасына шилтеме берип жазды. Аталган борбордун маалыматына караганда, АКШда 2020-жылы 3 миллиондон ашык адам каза болгон, коронавирус жүрөк оорулары жана рак ооруларынан кийин өлүмдүн үчүнчү негизги себеби болуп калды. Белгиленгендей, COVID-19 АКШда өлүмдүн 15%га көбөйүшүнө алып келген.

Жонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтары боюнча, АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 29 миллиондон ашып, 529 миңден ашыгы каза болгон. Бул өлкөдө декабрь айында башталган эмдөөлөр улантылууда – учурда АКШда шашылыш вакцинация жүргүзүү үчүн бекитилген үч вакцина бар, анын экөөсүн эки дозадан берүү керек.

Комментарий жиберүү