БУУнун Коопсуздук Кеңеши Мьянма армиясынын зордук-зомбулугун айыптады

БУУнун Коопсуздук Кеңеши  Мьянма армиясынын зордук-зомбулугун ашкереледи.

Mehr News агенттигинин Франс Пресс агенттигине шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Мьянмадагы зордук-зомбулукту айыптаган билдирүү жасады.
Белгилей кетсек, БУУнун Коопсуздук Кеңеши атайын билдирүүсүндө Мьянма армиясынын нааразычылык акциясына чыккан элди күч менен басуусун айыптаган.
Эске салсак, Мьянманын аскердик күчтөрү өлкөдөгү демонстранттарга, анын ичинде аялдар менен балдарга карата катуу күч колдонушкан.
Мьянма армиясы 1-февралда бийликтеги Демократиялык Биримдик партиясынын (DUP) лидеринин басма сөз катчысы Мев Анюн жана өлкөнүн тышкы иштер министри камакка алынгандан кийин билдирүү таратып, бийлик армиянын командири Мин Аанг Хелингге өттү деп билдирген. Аскерлердин билдирүүсүндө, төңкөрүш 2020-жылы 8-ноябрда өткөн шайлоодогу бурмалоолорго көңүл бурулбаганы үчүн жасалды жана алар кийинки жылы өлкөнү өз көзөмөлүнө алышарын белгилешти.

Комментарий жиберүү