БАЭ Сирияны Араб Лигасына кайтып келүүгө чакырды

Абдулла бин Заид Сириянын Араб Лигасына кайтып келүүсүнө жол ача турган каналдар болушу керектигин билдирди.

«Irib News» агенттигинин маалыматына ылайык, БАЭнин тышкы иштер министри Абдулла бин Заид Аль Нахайян Сирияны Араб Лигасына кайтып келүүгө чакырды.
Ал бул тууралуу орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен биргеликте өткөргөн пресс-конференцияда билдирди.
“Сириянын өзүнө таандык болгон чөйрөгө кайтып келүүсүнө жол ачылышы керек. Ким каалайт же ким каршы болот эч кандай мааниге ээ эмес”, – деди Абдулла бин Заид.
Ошондой эле коференция алкагында, “Буга байланыштуу саясий тендерлер болгон күндө дагы, Сириянын аймакка жана ал таандык болгон чөйрөгө кайтып келүүсүнөн башка эч нерсе күтүүгө болбойт. Сириянын Араб Лигасындагы ордуна кайтып келиши үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр түзүлдү”, – деди.
Ал Сирияга каршы “Цезарь”мыйзамын сынга алып, бул мыйзам өлкө менен биргелешип кызматташууну татаалдаштырганын баса белгилеп өттү.
“Бүгүнкү күндө “Цезарь мыйзамы” Сирия менен координациялоонун жана кызматташуу багытындагы эң маанилүү көйгөй болуп саналат. Менин оюмча, Сирия менен биргеликте иш алып барууга жол ачыш үчүн каналдар болушу керек. Цезарь мыйзамынын сакталышы мамлекеттик сектор үчүн гана эмес, жеке секторлор үчүн дагы кыйынчылык жаратат, ошондуктан бул маселе АКШдагы досторубуз менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизги темалардын бири болушу керек”, – деди Абдулла бин Заид.

Комментарий жиберүү