Европа Биримдиги адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу Кытайга каршы санкция киргизет

Айрым Батыш булактары Европа Биримдиги Синьцзян аймагында адам укуктарын бузду деген айып менен төрт кытай чиновнигине жана бир мекемесине каршы санкция киргизүүнү көздөп жатканын билдиришти.

Бул тууралуу “Wall Street Journal”гезити жазганын «Fars News» агенттиги маалымдады.
“Wall Street Journal” аты аталбаган булакка шилтеме берип, саякаттоого тыюу салуу жана мүлктү тоңдурууну камтыган санкциялар ушул айдын этегинде Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында бекитилерин билдирди.
Санкциялана турган Кытай чиновниктеринин ысымдары жана мекеменин аталышы азырынча белгисиз.
Айрым Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Улуу Британия, Канада жана АКШ Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда адам укуктары системалуу түрдө бузулуп жатат деп Кытайды айыптап келишет. Пекин бул айыптоолор ар дайым саясий негизде болуп келген деп билдирген жана кескин четке каккан.
Жакында эле Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Ван Вэньбинь Британия өкмөтүнүн чиновниктеринин Кытайга каршы аракеттерин жана билдирүүлөрүн айыптаган.
Ал эми Британ өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кытайды Тибет, Гонконг жана уйгур мусулман азчылыгына байланыштуу маселелерде “адам укуктарын системалуу түрдө бузуп жатат” деп айыптаган резолюция сунуштады.
Буга чейин, Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Робб БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында, Кытай өкмөтүн өз чектеринде адам укуктарын аябай бузуп жатат деп айыптаган.
Экинчи жагынан, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Пекинди Синьцзян аймагында адам укуктарын бузуп жатат деп айыптап, Кытайдын аймактын батыш тарабындагы аракеттерин “геноцид” деп эсептөө керектигин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү