Бириккен Араб Эмираттары жаңы дүйнөлүк рекорд койду

Дүйнөдөгү эң чоң медаль БАЭде чыгарылды.

Islam Today сайтынын маалыматына ылайык, БАЭ Гиннесстин рекорддор китебине дагы бир жолу кирди.
Белгилей кетсек, Бирикке Араб Эмираты бул жолу  дүйнөдөгү эң ири алтын медалды чыгаруу менен рекорд койду.
Рекордго кирген медалдын салмагы 68 км. диаметри 1,6 м. калыңдыгы 7,7 см. болгон.
“Орусиялык Эмираттар” маалымат ресурсу билдиргендей, бул медаль Гиннестин рекорддор китебинин талаптарына ылайык – алтын жалатылган дат баспаган болоттон, ошондой эле сырткы четине оюп түшүрүлгөн жана жалпы узундугу 4 метрлик жасалган.
Медалда 2008-жылы негизделген жана ошол мезгилде 13 спортчудан турган улуттук спорттук “Аль-Фурсан” командасынын аты жазылган. Бүгүн БАЭнин атынан жергиликтүү жана эл аралык мелдештерге команданын 48 спортчусу катышууда.
2020-жылы БАЭ Гиннесстин рекорддор китебине киргендердин саны боюнча Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка чөлкөмүндөгү алдыңкы өлкө болду.
Жалпысынан өлкө 425 жолу дүйнөлүк рекорд койду, анын 34ү 2020-жылы болгон.
 Эске салсак, Дубай ошондой эле бардык рекорддордун 60% алган аймактагы рекорддук шаар деп табылды.

Комментарий жиберүү