Бишкекте “Күчтүү үй-бүлө – мамлекеттин келечеги” аталышында тегерек стол өттү

10-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргогон “Мутакаллим” фондусу жана муфтияттын демилгеси менен “Үй-бүлөнү иреттештирүү”, “Ден-соолук” жана башка темаларга арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Eurasia Today сайтынын кабарчылар тобу билдиргендей, Бишкектеги “Орион” мейманканасында  10-мартта өткөрүлгөн “Күчтүү үй-бүлө бул – мамлекеттин келечеги” деп аталган конференция атайын айымдарга арналды.
Конференцияда КР ДИМКнын өкүлү Исаева Гульназ Коңурбаевна, КМДБнын аппарат жетекчиси Эратов Равшан ажы, Мутакаллим фондусунун лидери Жамал Фронтбек кызы жана башка келген өкүлдөр тегерек столго арналган өз докладдарын окушту.  
 “Үй-бүлөдөгү ден соолук маселеси”, “Ислам жана ден соолук”, “Үй-бүлөнү иреттештирүү”  жана башка маанилүү темалар катышуучулардын купулуна толду.
Белгилей кетсек, үй-бүлө маселеси адам жашоосундагы эң маанилүү маселелердин бирине кирет. Мындайча айтканда, үй-бүлө бул коомдун келечеги, андыктан үй-бүлөдө болуп жаткан ар бир көйгөй мамлекеттин көйгөйү жана үй-бүлөнүн саламаттыгы, ийгилиги коомдун жетишкендиктери болуп саналат.
Конференцияга катышып, докладдарын ортого салышкан эксперттердин айтымында, үй-бүлөдө негизги ролду аткарган аял заттын абалына маани берүү зарыл нерсе. Кыз-келиндердин, энелердин ден-соолугу, маанайы, бакубаттуулугу, сергек жашоосу бул – үй-бүлөгө чоң таасирин тийгизери анык. Ушуга ылайык, ар бирибиз бул маселеге маани берүүбүз, олуттуу карообуз керек.
Үй-бүлө темасына арналган тегерек столдо бир гана эксперттердин макалалары баяндалбастан, катышуучулардын ой-пикир, сунуштары жаңырды. Тегерек столдун экинчи бөлүмүндө катышуучулар 4 топко бөлүнүү менен үй-бүлөнү иреттештирүүдө, туура тарбия берип багытоодо жана кыйынчылыктарды чечүүдө атайын программаларды даярдашты. Андан соң ар бир топ өз программа-сунуштарын презентациялоого атайын убакыт берилди.
Эске салсак, Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн абалы боюнча акыркы статистикалар канаатандыраарлык эмес. Мисалы, ажырашуунун саны, эне жана ымыркайдын өлүмү, зордук-зомбулук, өз жанын кыйюу жана башка көйгөйлүү көрсөткүчтөр жогору. Мындай абалдарды өзгөртүүдө бир гана мамлекеттик органдарга бардык милдеттерди жүктөп койбостон, жарандардын активдүү катышуусу да талап кылынат. Тагыраак айтканда, ар бир жаран өз үй-бүлөсүнөн, өзүнөн баштоосу керек. Бул жаатта калк арасында маалыматтарды жогорулатуу, ден-соолук маалыматтарын таратууда диний кызматкерлердин ролу жана салымы, үй-бүлөнү иреттештирүү боюнча иш-чаралар, өнөктөштүктөр боюнча аталган тегерек столдо талкуу өттү.
Белгилей кетсек, тегерек столдун алкагында Кыргызстандын дин иштери боюнча башкармалыгында мусулман аялдардын өкүлчүлүгүн дайындоо жана аалымдар кеңешинде да мусулман аялдын мүчөлүгүн коюу сунуштары берилди.

Комментарий жиберүү