“Дахе-е Фажр”: Ислам революциясынын негиздөөчүсү Хомейнинин мекенине кайтып келиши. Сүрөттөр

“Дахе-е Фажр”: Ислам революциясынын негиздөөчүсү Хомейнинин мекенине кайтып келиши. Сүрөттөр

1-февралдан баштап Иранда 1979-жылдагы Ислам революциясынын жеңишинин 45 жылдыгына арналган он күндүк майрамдар башталды. Мындан 45 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни Франциядан 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Бул учурда Шах Мухаммед Реза Пехлеви үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Шах ошол бойдон Иранга кайтып келген эмес. Аны Тегеран шаарынан 3 миллиондон ашуун адам тосуп алган. Бул күн Иран календарында Фажр декадасынын башталышы катары белгиленет. Ал күнү Аятолла Хомейни «Air…

Прочитайте больше

«Суунун жер астындагы ресурсу тездик менен азаюуда» – окумуштуулар

«Суунун жер астындагы ресурсу тездик менен азаюуда» – окумуштуулар

Глобалдык изилдөөлөр жер астындагы суулардын дүйнөлүк ресурсу азайып бараткандыгын көрсөтүүдө:  суунун деңгээли бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча кескин төмөндөп баратат жана XXI кылымда бул төмөндөө тездеген. Анткен менен баари бир үмүт кылууга негиз бар экендигин  ETH Zurich (Цюрихтеги Швейцария федеральдык технологиялык институт) жазды. Акыркы 40 жылдагы 170 миңден ашык скважинаны жана 1700 жер астындагы суу системасын окумуштуулар изилдегенден кийинки тыянак тынчсызданууну тастыктоодо: жер астындагы суунун глобалдык кору тездетилген ылдамдык менен азайып жатат. Бул көрүнүш Калифорния, Жер…

Прочитайте больше

Иранда монархия кантип кулаган: Ислам революциясынын архивдик сүрөттөрү

Иранда монархия кантип кулаган: Ислам революциясынын архивдик сүрөттөрү

Иранда быйыл Ислам революциясынын 45 жылдыгы белгиленет. Революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган. Ирандын “Fars News” маалымат агенттиги Ислам революциясынын 45 жылдыгына карата биринчи жолу өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Зенжан шаарында тартылган революциянын башталышынын сүрөттөрүн жарыялады.   1 of 16-+ Аталган шаар революциянын оор жана маанилүү күндөрүн башынан өткөргөн. Ак-кара кадрлардын автору маркум сүрөтчү Исмаил Пуржам болсо, түстүү сүрөттөрдү Нематулла Саффори тарткан. Мындан 45 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15…

Прочитайте больше

Кыргыз-иран саясий кеңешмесинде түз аба каттамдарын жандандыруу тууралуу сөз болду

Кыргыз-иран саясий кеңешмесинде түз аба каттамдарын жандандыруу тууралуу сөз болду

Бишкекте 1-февралда өткөн кыргыз-иран өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кезектеги саясий кеңешмелерде эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн Бишкек менен Тегерандын ортосунда түз аба каттамдарын жандандыруу маселеси көтөрүлдү. КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми ирандык тарапты тышкы иштер министринин орун басары Али Багери жетектеди. Белгилей кетсек, Иран өкмөтү туризмди өнүктүрүү жана өлкөгө туристтик агымдарды көбөйтүү максатында 4-февралдан тарта 28 өлкө менен виза…

Прочитайте больше

Ирандын акыркы 20 жылдагы илимий жетишкендиктери. Статистика

Ирандын акыркы 20 жылдагы илимий жетишкендиктери. Статистика

Иран өлкөсү Ислам революциясынын арты менен акыркы 20 жылда бардык тышкы кысымдарга, эл аралык санкцияларга карабастан, элдин жана ирандык адистердин күч-аракеттери менен илим, изилдөө, медицина, өнөр жай, космос жана башка тармактарда көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Ирандын илимдеги орду, 2018-жылдын статистикасына ылайык, илимий изилдөөлөр боюнча дүйнөдө 16-орунда, Ислам дүйнөсүндө биринчи орунда турат. Жыл сайын жарыяланып турган Web of Science, Scopus жана ISC сыяктуу ишенимдүү маалымат базаларынын статистикасы 1996-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде Ирандын илимий абалы жакшырганын көрсөтөт. 20…

Прочитайте больше

Кыргызстанга Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Али Багери келди

Кыргызстанга Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Али Багери келди

Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Али Багери ТИМдер аралык кезектеги саясий кеңешмелерге катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Али Багерини бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабыл алды. Министр Кулубаев саясий диалогдун жакшы деңгээлин жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы түрдүү тармактардагы мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө, анын ичинде өз ара соода жүгүртүүгө,…

Прочитайте больше

А. Жапаров  А. Смаилов менен жолугушту

А. Жапаров  А. Смаилов менен жолугушту

Бүгүн, 1-февралда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушту. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы азыркы мамилелер саясий диалогдун жогорку деңгээлин тастыктай турганын белгиледи. «Өз ара сооданын жана инвестициянын көлөмү жыл сайын өсүп, ишкердик, илимий жана маданий байланыштар активдешүүдө. Өкмөттөр аралык кеңештин алкагында кыргыз-казак кызматташтыгын узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиялык максаттары, концептуалдык мамилелери жана…

Прочитайте больше

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан дагы 14 жылга соттолду

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан дагы 14 жылга соттолду

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан жана анын жубайы Бушра Биби шаршемби күнү  Тошаханада мамлекеттик казынада сакталган баалуу буюмдарды сатууга байланышкан коррупциялык иш боюнча 14 жылга эркинен ажыратылганын Geo телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды. Тошахана — башка өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери тарабынан мамлекеттик кызматкерлерге тартууланган белектер сакталган жай, ал өлкөнүн министрлер  кабинетинин карамагында турат. Ошондой эле экөөнө тең 10 жылга ар кандай мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынып, ар бирине 787 миллион рупий (2,8 миллион доллар) өлчөмүндө айып…

Прочитайте больше

4-февралдан тарта 28 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Иранга визасыз кире алышат

4-февралдан тарта 28 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Иранга визасыз кире алышат

Иран 4-февралдан тарта 28 өлкө менен виза режимин бир тараптуу жокко чыгарат. Ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан, Беларусь, Катар, Мексика, БАЭ, Сауд Аравиясы, Сербия, Өзбекстан жана Япония бар. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук, межлис жана ирандыктардын иштери боюнча орун басары Алиреза Бигдели IRNA агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. «Тышкы иштер министрлиги 28 өлкөгө визаны алып салуу боюнча министрлер кабинети бекиткен жарлыкты тиешелүү органдарга кабарлады», — деп ирандык агенттик анын сөзүн келтирди. «Ага ылайык,…

Прочитайте больше

Азия Кубогу: 1/4 финалга чыккан командалар аныкталды

Азия Кубогу: 1/4 финалга чыккан командалар аныкталды

31-январда Катарда футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалдык оюндары жыйынтыкталды. 1/8 финалдык беттештердин жыйынтыгы менен сегиз курама команда оюндан четтетилип, 8 команда трофей үчүн беттешти улантат. Чейрек финалда: Тажикстан — Иордания, Австралия — Түштүк Корея (2-февраль), Иран — Япония, Катар — Өзбекстан (3-февраль) беттешет. 1/8 финалдын жыйынтыгы: 28.01. 18:00. Тажикстан – БАЭ – 1:1 (пен. 5:3); 28.01. 13:30. Австралия – Индонезия – 4:0; 29.01. 13:30. Ирак – Иордания – 2:3; 29.01. 18:00. Катар – Палестина – 2:1; 30.01. 18:00. Сауд Аравиясы – Түштүк Корея –…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин «Талибан» өкмөтүнүн элчисинен ишеним грамотасын кабыл алды

Си Цзиньпин «Талибан» өкмөтүнүн элчисинен ишеним грамотасын кабыл алды

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Ооганстандын Кытайдагы жаңы элчиси Билал Каримиден ишеним грамотасын кабыл алганын Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Карими буга чейин «Талибан» өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. Ведомстводон билдиришкендей, Си Цзиньпин шейшемби күнү кечинде Пекинде 42 жаңы элчиден ишеним грамоталарын кабыл алган. Алардын арасында Ооганстандын Пекиндеги элчиси Карими да бар. Иш чара Пекин шаарындагы Элдик жыйындар үйүндө өткөн. Өткөн жылы Кытай Ооганстанда Талибан кыймылы бийликти колго алгандан бери расмий түрдө жаңы элчи дайындаган…

Прочитайте больше

Ирандык альпинисттер Ленин чокусун кышында багындырды

Ирандык альпинисттер Ленин чокусун кышында багындырды

Ирандык альпинисттер Жавад Чираги менен Мажид Нематуллахи Чоң-Алайдагы 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусун биринчи жолу кышында багындырышты. Бул бийик чокуга кышында 1960-жылдан бери профессионал (ирандык эмес) альпинисттер 8 жолу гана чыгышкан. Акыркы жолу альпинисттер аталган чокуга кышында 2016-жылы чыгышса, 2024-жылдын январында тогузунчу болуп Ирандын альпинисттери багындырды. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан бул бийик чокуга ийгиликтүү чыгып кайткан альпинисттерди Ирандын Бишкектеги элчиси Голам Хоссейн Ядегари кабыл алды. Спортчулар бийик чокуга Аркин маршрутунан чыгуудагы кыйынчылыктар тууралуу…

Прочитайте больше

Өзбекстанда орточо айлык акы 17,2%га көбөйүп, 370 долларды түздү. Кыргызстанда канча?

Өзбекстанда орточо айлык акы 17,2%га көбөйүп, 370 долларды түздү. Кыргызстанда канча?

Өзбекстанда 2023-жылдын аягында орточо айлык акы 4,551 миллион сумду (370 доллар) түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 17,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди. Статистиканы түзүүдө коргоо, ички иштер, бажы, атайын кызмат, прокуратура жана сот органдарында, ошондой эле айыл чарба тармагында жана чакан бизнесте иштегендердин эмгек акысы эске алынган эмес. Маалыматка караганда, Ташкент облусунда орточо эмгек акы 7 миллион 453 миң сумду (600 доллардан ашык) түзгөн жана бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Ташкенттен кийин эң…

Прочитайте больше
1 2 3