Кыргызстанда эң ири индустриялык-логистикалык текстил паркы курулууда (фото)

Кыргызстанда эң ири индустриялык-логистикалык текстил паркы курулууда (фото)

Өнөр жай тармактарынын өнүгүүсүнүн дүйнөлүк тенденциясы жана ыргагы заманбап, жогорку технологиялуу жана социалдык багыттагы индустриялык жана логистикалык кластерлерди түзүү зарылдыгын талап кылууда. Бул тенденцияларга жооп иретинде Кыргызстанда Борборазия аймагында алгачкы эң масштабдуу жана көп функциялуу комплекске айлана турган «Silk Way» индустриялык-логистикалык паркынын курулушу башталды. Долбоор Кыргызстандын Өкмөтүнүн Текстилдик жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында ишке ашырылууда. Казакстан Республикасы менен чек арага жакын жана «Манас» эл аралык аба майданынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан аянты…

Прочитайте больше

1-апрелден баштап, бардык класстар мектепке кайтып келишет

1-апрелден баштап, бардык класстар мектепке кайтып келишет

Бишкек мэриясынын  билим берүү башкармалыгы ушул аптада бардык класстар кадимки окуу режимине өтөөрүн билдирди. Eurasia Today маалымат порталынын 24.kg сайтына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, 4- чейректин башталышы менен 2, 3, 4, 6, 7, 8, 10- класстар оффлайн окуу режимине өтүшүп, мектептер кадимкидей иштешерин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди.Анын айтымында, буга чейин 9- мартта  1, 5, 9- класстар оффлайн окуу форматына өтүшкөн эле. Бул аралыкта 13 окуучу жана 14 мугалим коронавирус жуктуруп алган.Ал эми, мындан аркы…

Прочитайте больше

Мухаммад Жавад Зариф Тажикстандын президенти менен жолугушту

Мухаммад Жавад Зариф Тажикстандын президенти менен жолугушту

Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен Дүйшөмбүдө жолугушту. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстанда өтүп жаткан “Азия жүрөгү – Стамбул процесси” конференциясына катышып жаткан Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф, президент Эмомали Рахмон менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу маселелер жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, соода, энергетика, өнөр жай, транспорт, илим жана маданият жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланып, биргелешкен кызматташтык комиссиясынын ролунун маанилүүлүгү баса белгиленди.Ошондой эле, бул жолугушууда терроризмге жана…

Прочитайте больше

Дүйнөнүн келечеги Чыгыш элдеринин колунда

Дүйнөнүн келечеги Чыгыш элдеринин колунда

Иран менен Кытай 25 жылга өнөктөштүк келишимине кол коюшту. Fars News маалымат агенттиги билдиргендей, өткөн аптада Тегеранда өткөн Иран жана Кытай ТИМ жетекчилеринин жолугушуусунда “25 жылдык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк” боюнча келишимге кол коюлду.Белгилей кетсек, “узак мөөнөттүү келишим” салатанаты Кытайдын ТИМ жетекчиси Ван Инин Иранга болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү.Документте расмий түрдө “Иран менен Кытайдын ар тараптуу кызматташтык программасы” деп аталып, саясий, коопсуздук, коргонуу, маданий, айыл чарба, экономикалык, илимий, туризм, мунай-энергетика, телекоммуникация инфраструктурасы жана байланыш технологиялары, соода,…

Прочитайте больше

Туура уйку боюнча адис Назгүл Сулайманова багымдатка жеңил ойгонуунун сырлары менен бөлүштү

Туура уйку боюнча адис Назгүл Сулайманова багымдатка жеңил ойгонуунун сырлары менен бөлүштү

Багымдат намазына уктап калбай сергек ойгонуу үчүн эмне кылуу керек? Уйкунун сапаттуу жана организмибизге пайдалуу болушуна кандай факторлор таасир этет? Бул суроолорго туура уйку боюнча адис жана аялдарды өнүктүрүү жаатында тренер Назгүл Сулайманова жооп берди. – Ассалам алейкум, Назгүл айым. Маегибиздин негизги темасы – багымдат намазына кантип жеңил ойгонсо болот. Бирок алгач уйку тууралуу сөз кылсак… – Валейкум ассалам. Туура айтасыз, багымдат намазына жеңил ойгонуу үчүн уйку режимин жөнгө салып, калыбына келтирүү керек. Уйку- бул…

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы Тажикстанга барды

Ирандын ТИМ башчысы Тажикстанга барды

Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф делегацияны баштап Тажикстандын борбор шаары Душанбеге барды. Бул тууралуу “Fars News” агенттигинин Душанбедеги өкүлчүлүгү кабарлады. Аны Душанбе эл аралык аэропортунан Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү расмий тосуп алышты. Зариф бул өлкөгө жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында “Азия жүрөгү – Стамбул процесси” боюнча тогузунчу конференцияга катышат. Ирандын ТИМ башчысы ошондой эле Тажикстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен эки тараптуу мамилелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Зариф бул конференциянын алкагында Ооганстан, Пакистан, Индия жана Азербайжандын тышкы…

Прочитайте больше

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок жарандар беткап кийиши керек

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок жарандар беткап кийиши керек

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук ченемдери күчөтүлөт. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын  биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык кызматтарга берди. Мындан аркы чаралар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аймактагы эпидемиологиялык абалдын деңгээлинен көзкаранды түрдө кабыл алынат. Ал белгилегендей, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясынын өсүү ыктымалдыгына жараша медициналык мекемелердин даярдыгын үзгүлтүксүз негизде мониторингдөөсү зарыл. «Дүйнө жүзү боюнча коронавирус оорусунун өсүүсү байкалууда, коңшу мамлекеттерде…

Прочитайте больше

Кофе ымыркайларга кандай таасир берет?

Кофе ымыркайларга кандай таасир берет?

Илимпоздордун изилдөөлөрү кош бойлуу аялдардын кофе ичүүсү баланын салмагына таасир этерин көрсөттү. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, кош бойлуу кезинде кофе ичкен аялдар, мындай суусундуктардан таптакыр баш тарткандарга караганда, дене салмагы жана көлөмү кичинекей балдарды төрөшөт. Юнис Кеннеди Шрайвер атындагы балдардын ден-соолугу жана адамдын өнүгүүсү боюнча улуттук институттун окумушутуулары ушундай тыянакка келишти.Медицина илимдеринин доктору жана ушул изилдөөнүн авторлорунун бири Кэтрин Л. Грантц наристе күтүп жатканда, кофеин бар суусундуктарды чектөө же таптакыр баш тартуу зарылдыгын билдирди.Окумуштуулар кош…

Прочитайте больше

Кыргызстанда эмдөө башталды

Кыргызстанда эмдөө башталды

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабы башталды. Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы бюнча, Ош шаары менен Чүй облусттарына вакцинаны жеткирүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүргүзүлгөн. Маалыматта айтылгандай, вакцина алгач Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы А. Эркебаев менен жолугушту

Президент С. Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы А. Эркебаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Ассамблеянын учурдагы ишмердиги, актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Абдыганы Эркебаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин ассамблеясы улуттар аралык ынтымак жаатындагы маанилүү институттардын бири болуп саналат жана бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, ал учурда улуттар аралык биримдикти жана мамилелерди чыңдоого багытталган 2021-2026-жылдары…

Прочитайте больше

ДССУ COVID-19 вакциналарын жакыр өлкөлөргө таратууга чакырды

ДССУ COVID-19 вакциналарын жакыр өлкөлөргө таратууга чакырды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) баардык өлкөлөрдү жана компанияларды коронавируска каршы вакциналарды дүйнөнүн жакыр мамлекеттерине бөлүштүрүүдө биргелешип иштөөгө чакырды. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом, дүйнөлүк компанияларды “Ковакс” программасы аркылуу дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө 10 млн. доза вакцинасын тез арада берүүгө чакырды.Ал, 3 айдын ичинде өтө муктаж болгон өлкөлөргө тез арада вакцина жеткирүүнү сунуштады.“Азыр вакцинанын бир да дозасын ала элек 36 мамлекетте, жок дегенде, тобокелдиги жогору адамдар үчүн эмдөө…

Прочитайте больше

Кыргыз-өзбек чек арасында мындан ары чыр-чатактар болбойт

Кыргыз-өзбек чек арасында мындан ары чыр-чатактар болбойт

Президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен чек ара меселесин талкуулады. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат кызматы билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Анын берген…

Прочитайте больше

Пекин: АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн аяктоого кез келди

Пекин: АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн аяктоого кез келди

АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн токтото турган учур келди. Бул тууралуу Кытайдын ТИМнин басма сөз катчысы Хуа Чуньин билдиргенин «Fars News» агенттиги маалымдады.Хуа Чуньин Кытайдагы адам укуктарынын абалы боюнча АКШнын айыптоолоруна токтолуп, Синьцзяндагы кырдаал боюнча АКШнын дооматы Вашингтондун бул өлкөнүн ичинен туруксуздаштыруу боюнча стратегиялык планы гана болуп эсептелерин билдирди.Ал Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин пресс-конференциясында, АКШнын мурдагы жогорку кызмат адамы Лоуренс Вилкерсондун сөздөрүнө шилтеме кылып, Вашингтондун Кытайды дестабилдештирүү планы жөнүндө сөз сүйлөп, “Америка Кошмо Штаттары өзүнүн Кытайга каршы шоусун аяктаганга кез келди”,…

Прочитайте больше

Иранда өткөн Дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстан 3-орунду алды

Иранда өткөн Дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстан 3-орунду алды

Кыргызстандык Куран каарысы Мухаммедали Умаров Иран мамлекети уюштурган Дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу Eurasia Today маалымат порталы UMMA журналына шилтеме берип маалымдайт.Белгилей кетсек, 17-февралда онлайн форматта өткөн Дүйнөлүк Куран жарышына 46га чукул өлкө катышкан. Жарыштын натыйжалары жарыяланып, анда кыргызстандык 22 жаштагы Мухаммедали Умаров 3-орунга татыктуу болгону жарыяланды. Ал эми Иран биринчи орунду, Египет экинчи орунду алышкан.Эске салсак, Дүйнөлүк Куран жарышы апрель айында өтмөк, бирок пандемияга жараша февралда онлайн форматта өткөрүлдү.Мекендешибиз Мухаммедали Умаров Ыйык Куранды жатка айтуу…

Прочитайте больше

Египетте эки поезд кагышты (видео)

Египетте эки поезд кагышты (видео)

Египеттин Сохаг шаарынын түндүгүндө эки поезд кагышып, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу Египеттин мамлекеттик телеканалы маалымдаганын “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан азыркы тапка чейин 50 адам жаракат алганын билдирди. Өлкөнүн асмий адамдары кырсыктын себептерин азырынча жарыялай элек. Египеттеги эң чоң темир жол кырсыгы 2002-жылы болуп, анда поезд өрттөнүп, 360тан ашуун жүргүнчү каза болгон.

Прочитайте больше
1 209 210 211 212 213 230