Туура уйку боюнча адис Назгүл Сулайманова багымдатка жеңил ойгонуунун сырлары менен бөлүштү

Багымдат намазына уктап калбай сергек ойгонуу үчүн эмне кылуу керек? Уйкунун сапаттуу жана организмибизге пайдалуу болушуна кандай факторлор таасир этет? Бул суроолорго туура уйку боюнча адис жана аялдарды өнүктүрүү жаатында тренер Назгүл Сулайманова жооп берди.

– Ассалам алейкум, Назгүл айым. Маегибиздин негизги темасы – багымдат намазына кантип жеңил ойгонсо болот. Бирок алгач уйку тууралуу сөз кылсак…

– Валейкум ассалам. Туура айтасыз, багымдат намазына жеңил ойгонуу үчүн уйку режимин жөнгө салып, калыбына келтирүү керек. Уйку- бул Аллах Тааладан берилген эң чоң жакшылык. Уктаганда адамдын денеси жана мээси да эс алып, жаңы күч менен кийинки күнүн баштайт. Бирок биз мына ушул баа жеткис болгон уйку факторуна канчалык деңгээлде маани беребиз? Тилекке каршы, азыр гаджеттердин эпохасында туура уйку режимин сактоо өтө кыйын болуп калды. Жашоо темпи да ылдамдап, адамдарда дайыма иштерин бүтүрүүгө убакыт жетпегендей сезилет. Ошондуктан, көбү түнкү мезгилди да жумушка арнап коюп жатышат. Бирок бул нерсе адамдын ден соолугуна олуттуу таасирин тийгизерин унутпашыбыз зарыл. Уйкуга чалды-куйду мамиле кылууга болбойт.

– Туура айтасыз, кээде шашылыш болуп калганда түнү бою иштеп бүтүрүп, күндүз деле уктап алам да дейбиз. Же кээ бирлери түн ичинде жакшы иштешет эмеспи. Мындай кылууга болбойт турбайбы, демек?

– Күн менен түндү алмаштырып, өзүбүз каалагандай колдоно берүү болбойт. Түн бизге уктап, эс алуу үчүн берилген. Түнкүсүн уктаганда адамдын организминде кандай процесстер жүрөрүнө кыскача токтоло кетейин. Адамдын организминде түн ичинде өзүнчө, күндүз өзүнчө иштелип чыкчу маанилүү гормондор болот. Мисалы, күндүз иштелип чыга турган кортизол гормону түн ичинде азайышы керек. Эгер түндө уктабай койсок, ал азайбай, анын деңгээли көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Мындан улам, организм чоң стресске кабылат. Адам баласы биологиялык жана социалдык сааттар менен жашайт. Биздин биологиялык сааттарыбыз күнгө карап иштейт. Күн чыкканда организм активдүү режимге келиши керек экенин түшүнөт. Түн киргенде эс алууга камынат. Аллах Таала организмибизге мына ушундай мыйзам орноткон. Ал эми социалдык сааттарыбыз менен биз коомдо жашайбыз. Бир убакта мектепке, же жумушка барабыз, жолугушууларды дайындайбыз. Эгер биз биологиялык сааттарыбызды башаламан абалга келтирсек, мындан организмибиз жабыр тартат. Капкарангы учурда гана иштелип чыкчу мелатонин деген гормон бар. Бул гормон иммунитеттин, ден соолуктун гормону болуп эсептелет. Биз уктап жатканда ушул гормон активдүү иштелип чыгат. Түнкү саат 11 ден 2ге чейин бул гормон пикке чыгат, андыктан, ушул учурда уктап алганыбыз оң.

– Кээ бирлер түнкү 12ден кийин уктаганга көнүп калышкан. Эрте жатса деле көздөрү жабылбайт. Мындай учурда эмне кылуу керек?

– Демек, дайыма кеч жатып жүрүп, организм буга көнүп калган. Биз эрте жатып, өзүбүздү кайрадан буга тарбиялашыбыз керек болот. Албетте, башында кыйын, бирок бул мүмкүн эмес дегенди түшүндүрбөйт. Уйкуга кирүү үчүн физикалык жактан атайын камылгаларды көрүңүз. Мисалы, уктар алдында жеңил көнүгүүлөрдү жасоо, же стрессти түшүрүү үчүн сейилдеп келиңиз. Эгер 11де уктайм десеңиз буга 7-8 ден баштап жеңил камылгаларды көрүңүз. Бул сааттардан тарта көк түстүн спектринен алыс болууга аракет жасаңыз. Анткени көк түстү биздин мээбиз “азыр күндүз, уктоочу мезгил келе элек” деп түшүнөт. Ошондой эле, кечки саат 8 ден кийин тамактанбай эле койгон оң болот. Сиз уктап жатканда организм калыбына келүүсү керек. Эгер кеч тамак жесеңиз ал калыбына келбей эле тамакты аш кылуу менен алек болот. Күндүн 2-жарымында кофе ичпөөгө аракет кылыңыз. Уктар алдында бөлмөңүздү желдетип, керилип-чоюлуп, өзүңүзгө массаж жасасаңыз болот. Китеп окуу да мээңизди эс алдырып, уйкуну көздөй алып жөнөйт. Баса, уктай турган жаздык, төшөктөрүңүз, кийип жата турчу кийимиңиздин табигый кездемеден жана өзүңүз үчүн ыңгайлуу болушу да абдан маанилүү.

Уйку режиминин руханий тарабын калыбына келтирүүнү да жашооңузда колдонуп баштаңыз.

Ал үчүн:

1- Жатарда даарат алуу;

2- Кечки намазды окуу;

3- Дуа кылуу керек.

Булар- абдан маанилүү жагдай. Даарат алган соң Жаратканыңдын алдында намаз окуп, Аны менен сүйлөшүп, бүгүнкү өткөргөн күнүңө анализ кылып, ыраазычылык менен жыйынтыктоо адамга чоң күч, ресурс берет. Уктар алдында биз мээбизди тынчтандыруубуз керек. Эгер сиз бирөөгө таарынган болсоңуз, же көңүлүңүз абдан чөгүп турса, же тескерисинче абдан бактылуу болуп турсаңыз да тынч уктай албайсыз. Ошондуктан, биринчи кезекте, мээни эс алдырып алуу зарыл. Намазда Аллах Тааланын алдында отуруп, Аны менен түзмө-түз сүйлөшүү, өзүбүздүн көйгөйлөрдү айтып, эртеңки күнүбүзгө жардам сурасак, же тескерисинче бүгүнкү болгон өтө сонун жаңылыгыбызга шүгүр келтирип, ыраазычылыгыбызды айтып алсак, мээ эс алып, өзүнүн калыбына келип, уйкуга да даяр болуп калат.

Андан кийинки дагы бир маанилүү жагдай болгон уйкуга социалдык жактан даярдануу тууралуу да айта кетейин.

Уйкунун алдында жүрөктү тазалоо өтө маанилүү. Бул практика 5 мүнөтүңүздү алышы мүмкүн. Бирок натыйжасы мыкты болот.

1. Аллах Таала үчүн сизди таарынткандардын баарын кечириңиз. Эгер биз таарынган абалда уктаган болсок, түрдүү боор ооруларына кабылуубуз ыктымал. Муну илимий изилдөөлөр далилдеди. Адам кандай абалда уктаганда организминде кандай процесстер жүрөрү көзөмөлгө алынып, анан тыянактар чыгып жатпайбы. Боор органыбыз, баарыбыз билгендей эле, канды тазалап, токсиндерди алып чыгат. Анын аткарган кызматы – ушул. Көрсө, боор эмоцияларыбызды да тазалап турат экен. Бекеринен, катуу күлгөндө “боорум эзилип калды” деп айтпайбыз да. Көпкө дейре таарынган абалда жүрсөк боорубуз жабыр тартат тура. Мындан тышкары, адам бирөөгө ыраазы болбой, таарынып жатса, башында ар кандай диалогдорду кура берет. Мындай учурда тынч уйку тууралуу сөз жүрүүсү да мүмкүн эмес.

Андыктан, уктар алдында баарын Аллах үчүн кечирип, же өзүңүз кимдир-бирөөнү капа кылып алган болсоңуз, ал адамдан кечирип сурап койгонуңуз оң болот. Жиниңиз келген абалда уктабаңыз.

2. Сиз ушул түнү бул дүйнөнү таштап кетериңизди элестетиңиз. Жаратканыңыз менен жолугушууга даяр болуңуз.

Жогорудагы кеңештерди практикада колдонуп, уйкунун маанилүүлүгүн дайыма көңүлүңүзгө бекем түйүп жүрсөңүз, уйкуңуз сапаттуу болуп, багымдат намазына ойгонушуңуз да жеңилдейт.

– Маегиңизге, пайдалуу кеңештериңизге терең ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

Комментарий жиберүү