ДССУ COVID-19 вакциналарын жакыр өлкөлөргө таратууга чакырды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) баардык өлкөлөрдү жана компанияларды коронавируска каршы вакциналарды дүйнөнүн жакыр мамлекеттерине бөлүштүрүүдө биргелешип иштөөгө чакырды.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом, дүйнөлүк компанияларды “Ковакс” программасы аркылуу дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө 10 млн. доза вакцинасын тез арада берүүгө чакырды.
Ал, 3 айдын ичинде өтө муктаж болгон өлкөлөргө тез арада вакцина жеткирүүнү сунуштады.
“Азыр вакцинанын бир да дозасын ала элек 36 мамлекетте, жок дегенде, тобокелдиги жогору адамдар үчүн эмдөө процессин баштоо керек”, – деди ал.
 Адханомдун айтымында, жакынкы эки жуманын ичинде бул өлкөлөрдүн кеминде 16сы вакциналарды алышы керек, ошондо дагы 20 өлкө эмдөөнү күтүүгө аргасыз болушат.
“Калган 20 өлкө жакынкы эки жуманын ичинде медициналык персоналды жана кары-картаңдарды эмдөө процессин баштоосу үчүн, “Ковакс” программасынын алкагында 10 млн. доза вакцинаны тезинен алыш керек”,- деп кошумчалады ал.

Комментарий жиберүү