Пекин: АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн аяктоого кез келди

АКШнын Кытайга каршы шоу көрсөтүүсүн токтото турган учур келди.

Бул тууралуу Кытайдын ТИМнин басма сөз катчысы Хуа Чуньин билдиргенин «Fars News» агенттиги маалымдады.
Хуа Чуньин Кытайдагы адам укуктарынын абалы боюнча АКШнын айыптоолоруна токтолуп, Синьцзяндагы кырдаал боюнча АКШнын дооматы Вашингтондун бул өлкөнүн ичинен туруксуздаштыруу боюнча стратегиялык планы гана болуп эсептелерин билдирди.
Ал Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин пресс-конференциясында, АКШнын мурдагы жогорку кызмат адамы Лоуренс Вилкерсондун сөздөрүнө шилтеме кылып, Вашингтондун Кытайды дестабилдештирүү планы жөнүндө сөз сүйлөп, “Америка Кошмо Штаттары өзүнүн Кытайга каршы шоусун аяктаганга кез келди”, – деди.
Жакында Американын аскер кызматынын мурдагы жогорку кызматкери Лоуренс Вилкерсон бир видеодо АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) Кытайды дестабилдештирүүнү көздөй турганын жана буга жетишүүнүн эң жакшы жолу – Кытайга ички жана уйгурлар тараптан кысым көрсөтүү деп сүйлөгөн.
Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү дагы бир жолу “Уйгурлар маселеси раса, дин же адам укугу боюнча маселе эмес, бул сеператизмге, зомбулукка жана терроризмге каршы күрөш маселеси, ал эми АКШ уйгурлардын маселесине маани берип жаткан жок, алар Кытайдын коопсуздугуна жана туруктуулугуна шек келтирип, анын өнүгүүсүн жайлатууга маани берип жатышат”, – деп билдирди.
Ошондой эле ал “АКШ үчүн мусулмандар эч кандай мааниге ээ эмес, 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуяда биз Американын бир нече мусулман өлкөлөрүнө кол салганын көрдүк”, – деди.
Хуа Чуньин конференцияда сүйлөгөн сөзүнүн аягында, “Бүгүн мен Америка Кошмо Штаттарына Кытай Ирак дагы, Сирия дагы эместигин, ошондой эле кытай эли өз эгемендигин жана коопсуздугун, кызыкчылыктары менен кадыр-баркын коргоого чечкиндүү жана жөндөмдүү экендигин эскертким келип турат”, – деп баса белгиледи.

Комментарий жиберүү