Дүйнөнүн келечеги Чыгыш элдеринин колунда

Иран менен Кытай 25 жылга өнөктөштүк келишимине кол коюшту.

Fars News маалымат агенттиги билдиргендей, өткөн аптада Тегеранда өткөн Иран жана Кытай ТИМ жетекчилеринин жолугушуусунда “25 жылдык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк” боюнча келишимге кол коюлду.
Белгилей кетсек, “узак мөөнөттүү келишим” салатанаты Кытайдын ТИМ жетекчиси Ван Инин Иранга болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү.
Документте расмий түрдө “Иран менен Кытайдын ар тараптуу кызматташтык программасы” деп аталып, саясий, коопсуздук, коргонуу, маданий, айыл чарба, экономикалык, илимий, туризм, мунай-энергетика, телекоммуникация инфраструктурасы жана байланыш технологиялары, соода, саламаттыкты сактоо ж.б. камтылган.
Ал эми, New York Times гезити билдиргендей, келишимге ылайык, Кытай Иранга жакынкы 25 жылда мунай зат сатып алуу менен 400 млрд. доллар инвестиция салууга макул болгон.
Аны менен бирге Батыш жана Европа өлкөлөрү Чыгыш өлкөлөрүнүн келечектеги тездикте өнүгүүсүнө тынчсызданышкандай.
Статистикага ылайык, 60-жылдары Батыш өлкөлөрдүн (кызыл) алдыңкы 20 өлкөгө болгон инвестициясы жогору болсо, 2000-жылдардан баштап, Чыгыш өлкөлөрүнүн (жашыл) бул тармактагы өсүүсү байкалган.

Комментарий жиберүү