Кыргызстанда эмдөө башталды

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабы башталды.

Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы бюнча, Ош шаары менен Чүй облусттарына вакцинаны жеткирүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүргүзүлгөн.

Маалыматта айтылгандай, вакцина алгач Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында № 1, жана № 10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылган.

Ош шаарында алгачкылардан болуп Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кыял Ташполотов жана Ош шаары жана Ош облусу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Салтанат Орозбаевалар алышты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 150 миң вакцина келген болсо, анын 600 даанасы Ош шаарына берилген. Өлкөнүн бардык жеринде эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Салтанат Орозбаеванын айтымында, Ош шаарына Кытай Эл Республикасынын «Sinofarm» компаниясынын таасирдик күчү азайтылган бир дозалык «Veroseel» вакцинасы келген. Кыргызстанга бул вакцинанын алгачкы бөлүгү 2021-жылдын июнь айына чейин бекер таратылат.

«Бул вакцинаны алууга баарыңыздарды чакырам. Азыр эл арасында Кытайдан келген вакцинаны албайм деген түрдүү сөз жүрүп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан каттоодон өткөн. Ойлонбой алсаңар болот. Бизге бекер берип жатканда алып алыңыздар», – деди Орозбаева.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башчысы Кыялбек Ташполотовдун айтымында, ушул тапта Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу.

«Азыр Ош шаарында абал туруктуу десек болот. Вирустун жаңы штамптары бизде жок. Бирок ошонун алдын алуу үчүн ушул вакцинаны алыш керек. Коронавирус күчөгөн маалда ушул вакцинаны таппай канча кыйналдык. Оорунун алдын алуучу бир гана ушул вакцинация»,-деди ал.

Келген вакциналар атайын муздаткычтарда сакталган. Вакцинанын алгачкы этабы шаардгы дарыгерлерге, мугалим жана эл менен көп байланышта болгон мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине берилет. Эмдөө 2 этап менен жүргүзүлөт.

Кошумчалай кетсек, учурда Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлерди эмдөө иштери үчүн тренингдер өткөрүлүүдө.

Комментарий жиберүү