Кофе ымыркайларга кандай таасир берет?

Илимпоздордун изилдөөлөрү кош бойлуу аялдардын кофе ичүүсү баланын салмагына таасир этерин көрсөттү.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, кош бойлуу кезинде кофе ичкен аялдар, мындай суусундуктардан таптакыр баш тарткандарга караганда, дене салмагы жана көлөмү кичинекей балдарды төрөшөт. Юнис Кеннеди Шрайвер атындагы балдардын ден-соолугу жана адамдын өнүгүүсү боюнча улуттук институттун окумушутуулары ушундай тыянакка келишти.
Медицина илимдеринин доктору жана ушул изилдөөнүн авторлорунун бири Кэтрин Л. Грантц наристе күтүп жатканда, кофеин бар суусундуктарды чектөө же таптакыр баш тартуу зарылдыгын билдирди.
Окумуштуулар кош бойлуулуктун сегизинчи жумасынан он үчүнчү жумасына чейин кош бойлуу 2000ден ашуун аялдардын берген маалыматтарын талдап чыгышкан. Алардын ден-соолугу чың болгон, чылым тартышкан эмес жана кош бойлуулуктун 10-13-жумасынын аралыгында кан тапшырылып, анын курамында кофеин менен ажыроо учурунда пайда болгон параксантиндин курамы изилденген.
Изилдөөнүн жыйынтыгында, күнүнө болжол менен 50 миллиграмм кофеин(жарым чыны кофеге барабар) ичкен аялдардын ымыркайлары стимуляторду таптакыр колдонбогондордун ымыркайларына караганда 66 грамм жеңилирээк болгону аныкталган.
Ошондуктан, илимпоздордун айтымында, кофеин түйүлдүктүн кан тамырларынын ичкеришин шарттайт, натыйжада кан айлануу азайтып, анын өсүшүн жайлатат. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр бул зат баланын стресс гормондорунун ишин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн жана төрөлгөндөн кийин тез салмак кошуу жана семирүү, ошондой эле жүрөк ооруларына чалдыгуу жана келечекте кант диабетин жогорулатуу коркунучу бар деп эсептешет.

Комментарий жиберүү