Ирандын ТИМ башчысы Тажикстанга барды

Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф делегацияны баштап Тажикстандын борбор шаары Душанбеге барды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттигинин Душанбедеги өкүлчүлүгү кабарлады. Аны Душанбе эл аралык аэропортунан Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү расмий тосуп алышты. Зариф бул өлкөгө жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында “Азия жүрөгү – Стамбул процесси” боюнча тогузунчу конференцияга катышат. Ирандын ТИМ башчысы ошондой эле Тажикстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен эки тараптуу мамилелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Зариф бул конференциянын алкагында Ооганстан, Пакистан, Индия жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери менен да жолугушат. “Азия жүрөгү” мүчөлүгүнө  15 өлкө,  анын ичинде Иран, Ооганстан, Тажикстан, Пакистан, Кытай, Орусия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжан, Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттары кирет. АКШ, Австралия, Канада, Дания, Египет, Франция, Финляндия, Германия, Ирак, Италия, Япония, Норвегия, Польша, Испания, Швеция жана Улуу Британия “Азия жүрөгүн” колдошот. Тышкы иштер министрлер деңгээлиндеги биринчи “Азия жүрөгү” конференциясы 2011-жылы Стамбулда жана андан кийинки жолугушуулар 2012-2019-жылдары Кабул, Алматы, Пекин, Исламабад, Амритсар, Баку жана Стамбулда өткөрүлгөн.

Комментарий жиберүү