Иранда өткөн Дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстан 3-орунду алды

Кыргызстандык Куран каарысы Мухаммедали Умаров Иран мамлекети уюштурган Дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунга ээ болду.

Бул тууралуу Eurasia Today маалымат порталы UMMA журналына шилтеме берип маалымдайт.
Белгилей кетсек, 17-февралда онлайн форматта өткөн Дүйнөлүк Куран жарышына 46га чукул өлкө катышкан. Жарыштын натыйжалары жарыяланып, анда кыргызстандык 22 жаштагы Мухаммедали Умаров 3-орунга татыктуу болгону жарыяланды. Ал эми Иран биринчи орунду, Египет экинчи орунду алышкан.
Эске салсак, Дүйнөлүк Куран жарышы апрель айында өтмөк, бирок пандемияга жараша февралда онлайн форматта өткөрүлдү.
Мекендешибиз Мухаммедали Умаров Ыйык Куранды жатка айтуу жана Куран тафсири деген категорияда катышкан.
Ал UMMA журналына берген маегинде Ыйык Куранды 4 жашынан баштап үйрөнүп, 11 жашында толук жаттап бүткөнүн билдирген. Ошондой эле Куранды толук жаттагысы келгендерге бир канча кеңештерин; режимди сактоо, күндө жаттоо жана кайталоо жана эң негизгиси ниеттенүү керектигин айтып берген.

Комментарий жиберүү