АКШнын президенти Жо Байден бүгүн, 11-мартта Орусиянын Украинадагы операциясына жооп катары Москвага каршы жаңы чараларды жарыялайт.
Бул тууралуу Ак үй билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
“Саат 10:15те (Москва убактысы боюнча 18:15) президент Орусияны мындан ары жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-аракеттер топтомун жарыялайт”, — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин, маалымат каражаттары Байден жума күнү “Орусия менен нормалдуу соода мамилелерин” токтотууну жана орус импортуна салыктарды көтөрүүнү талап кыларын кабарлашкан эле.