Зариф: Кайрадан өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес

Иран Ислам Республикасынын  тышкы иштер министри Өзөктүк келишим боюнча кандайдыр бир жол менен сүйлөшүүгө болбой тургандыгын баса белгиледи.

Иран ТИМ жетекчиси бардык тараптар кол койгон милдеттенмелерин аткарууга кайтып келгени жакшы экендигин билдирди.
Tasnim News агенттигинин эл аралык тобу билдиргендей, Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Твиттердеги баракчасында өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбой тургандыгын баса белгилеп, бардык тараптарды өз милдеттенмелерин аткарууга кайтып келүүгө чакырды.
“Эгерде 2021-жыл 2015-жыл эмес болсо, анда 1945-жыл да эмес”,- деди ал, АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Уэнди Шермандын 2021-жылдагы дипломатиялык климат 2015-жылга салыштырмалуу башкача деген сөзүн эске салып.
“Эгер андай боло турган болсо, анда БУУнун Уставын өзгөртүп, АКШ тарабынан бир нече жолу кыянаттык менен колдонулган ветону алып салалы”,- деп жазды Иран ТИМ жетекчиси.
“Келгиле, ымдоо жасоону токтотолу – экөөбүз тең муну 2003-2012-жылдар аралыгында ийгиликсиз жасадык, андан көрө  экөөбүз тең кол койгон өзөктүк келишимди ишке ашырууга өтөлү”, – деди Мухаммад Зариф Твиттерде.

Комментарий жиберүү