Индияда президенттик шайлоо башталды

Индиянын парламентинин эки палатасынын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан турган тандоочулар коллегиясы 18-июлда жаңы президентке добуш берүүнү баштады.

Өлкө башчылыгына эки талапкер ат салышууда. Улуттук-демократиялык альянс мурдагы сенатор Драупади Мурмуну, “Бүткүл Индиялык Тринамул” партиясы экс-министр Яшвант Синханы президенттикке көрсөткөн.

Премьер-министр Нарендра Модинин партиясы парламентте жана жергиликтүү кеңештерде көпчүлүк орунду ээлегендиктен, ал сүрөгөн аял талапкер Драупади Мурму шайлоодо утуп чыгат деп күтүлүүдө.

Индияда президенттик кызмат формалдуу орун болуп саналат. Бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укуктары чоң. Саясий туруксуздук маалында гана президент саясий роль ойношу мүмкүн.

Өлкөдө президентти калк түз шайлабайт. Аны парламенттеги жана жергиликтүү кеңештердеги депутаттар же, тандоочулар коллегиясы шайлайт. Добуштарды эсептөө 21-июль күнү аяктайт.

Учурда Индияда Рам Натх Ковинд президенттик кылат. Ал 2017-жылы шайланган жана мөөнөтү бүтүп жаткандыктан кызматтан кетип жатат. 

Комментарий жиберүү