Орус-Украин ТИМ башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыктары кандай болду?

Кечээ, 10-мартта, Түркиянын Анталия шаарында Орусия жана Украинанын Тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Дмитрий Кулебанын жолугушуусу өттү.

Аны Түркия ортомчулук кылып уюштурган. Бул сүйлөшүүлөргө аталган өлкөнүн ТИМ башчысы Мевлүт Чавушоглу да катышты.

Сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба: «Эгер агрессор-өлкө каалабаса, биз согушту токтото албайбыз»,-деди. Анын айтымында, жолугушууда ал Киев орус президенти Владимир Путиндин талаптарын аткарса, ок атышууну токтотуу мүмкүн экенин укту. Кулеба Орусиянын талабын толук капитуляция деп кыскача мүнөздөдү.

«Бирок Украина багынбайт. Биз дипломатиялык чечимдерди издейбиз, ага чейин кишилерибизди орусиялык агрессиядан коргойбуз»,-деп белгиледи министр.

Ал тынчтык жөнүндө макулдашуу үчүн Украина Орусия менен өз ара сүйлөшүүлөрдү уланта берерин белгиледи.

Сергей Лавров да украин кесиптеши менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында Москва диалогго даяр экенин айтып, буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасында айрым жылыштар болгонун билдирди. Лавров азыр орус тарап куралдуу жаңжалды аяктоо үчүн Украинага өз сунуштарын бергенин жана жооп күтүп жатканын белгиледи.

РБК-Украинанын кабарлашынча, бир жарым саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Кулеба украин тарап курч гуманитардык маселелерди чечүү үчүн суткалык элдешүү маселесин көтөргөнүн, бирок прогресс болбогонун айтты. «Кыязы, Орусияда бул боюнча чечимди башка кишилер кабыл алат окшойт»,-деген Кулеба.

Комментарий жиберүү