Улуу Британия бардык орус банктарынын активдерин тоңдурарын билдирди

Улуу Британия жакынкы күндөрү бардык орус банктарынын активдерин толугу менен тоңдурарын маалымдады.

Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Лиз Трасс парламентте айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Ошондой эле, Украинадагы атайын операцияга байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкциялар киргизилгенин билдирди.

Буга чейин Британия Орусиянын Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын көз карандысыздыгын таануусуна байланыштуу бир катар орус банктарына, ошондой эле ишкерлер Геннадий Тимченко, Борис Ротенберг жана Игорь Ротенбергге каршы санкцияларды киргизген.

Эскерте кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын көз карандысыздыгын таанып, 24-февралда Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операция баштаган.

Комментарий жиберүү