Өзбек эксперти: Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылуу мамилелери аяктап баратат

«Маno» изилдөө демилгелери борборунун жетекчиси: Төрт жыл мурун башталган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылуу мамилелери аяктоодо.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, «Маno» изилдөө демилгелери борборунун жетекчиси Бахтиёр Эргашев төрт жыл мурун башталган Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилелериндеги жылуу мезгил аяктап жатат деп билдирди.
“Өзбекстан бийиктиги болжол менен 400 метрди түзгөн дүйнөдөгү эң ири ГЭСтердин бири Рогун электр станциясынын курулушуна каршы. Эгер ал курулса, ылдыйкы агымдагы өлкөлөр көптөгөн көйгөйлөргө туш болушат. ГЭСтин курулушуна байланыштуу Өзбекстандын нааразычылыгына карабастан, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Рогун электр станциясынын суу сактагычы 8 жыл ичинде толот, андыктан төмөнкү агымдагы өлкөлөр үчүн эч кандай кыйынчылыктар жаралбайт деп убада берип жатат”,- деди Бахтиёр Эргашев.
“Илгертен бери ар кайсы өлкөлөрдүн чиновниктеринин оозеки убадаларынын тарыхына байланыштуу, атүгүл кадыр-барктуу адамдардын сөздөрүндө дагы күмөн саноолор болот. Мен эл аралык келишимдин бардык тараптарынын юридикалык милдеттенмелерине жана аларды бузгандыгы үчүн санкциялардын колдонулушуна көбүрөөк ишенем. Мындан 4 жыл мурун башталган аймактын мамлекеттеринин ортосундагы мамилелердин кызуу мезгили аяктап баратканы экспкрттерге гана эмес, баарына ачык көрүнүп турат”, – деди «Маno» изилдөө демилгелери борборунун жетекчиси.
Анын айтымында, өкмөттөрдүн ортосундагы ысык мамилелер көйгөйлөр жана чечилбеген маселелердин кесепетинен бузулат. Ошондой эле ал өзбек-кыргыз чек арасын демаркациялоо процессинин жай жүрүп жатканы тынчсыздануу үчүн алгачкы коңгуроолордун бири экенин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү