Австралияда 85 миң адамды эвакуациялоо чечими

Катуу жамгырдын себебинен дамбалар жана каналдар ташкындаган Сиднейде шаардын көпчүлүк бөлүгү селге багынды.

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс (NSW) штатынын борбору Сиднейде 30-июндан бери уланып жаткан нөшөрлөгөн жамгыр жана селдерден улам шаардагы жана анын айланасындагы аймактардан 85 миң кишиге эвакуация чечими чыгарылды.

Акыркы күндөрдө күчөгөн жамгырдын себебинен дамбалар жана каналдар ташкындаган Сиднейде шаардын көпчүлүк бөлүгү селге багынды.

Жаңы Түштүк Уэльстин премьер-министри Доминик Перротет, үйлөрүн суу каптаган же селден улам коркунучта турган 85 миң кишинин эвакуациялана турганын жарыялады.

Жетекчилер кечээ 50 миң кишинин эвакуацияланышына буйрук берилгенин, апааттын таасиринин күчөшүнөн улам эвакуация чечиминин Сидней жана анын айланасында жашаган 85 миң кишини камтый тургандай түрдө кеңейтилгенин билдиришти.

Премьер-министр Энтони Албанесе селден жапа чеккендер үчүн федералдык жардамдардын эртең даяр болорун маалымдады.

NSW штаты кечээ 23гө жакын отурукташуу жерин “апаат зонасы” деп жарыялаган.

Комментарий жиберүү