Австрия Орусияга карата жаратылыш газ эмбаргосуна каршы

Австриянын экономика министри билдирүү жасады.

Австриянын экономика министри Маргарете Шрамбок Орусияга карата ыктымалдуу жаратылыш газ эмбаргосуна каршы чыккандарын жана мунун алар үчүн «кызыл сызык» экенин айтты.

Шрамбок немис басма сөзүнө берген маалыматында Австриянын да, Германиянын да бул багыттагы санкцияны алып сала албастыгын баса белгилеп, эки өлкөнүн тең ыктымалдуу жаратылыш газ эмбаргосуна каршы экенин жана мунун пайдадан көбүрөөк зыян алып келерин билдирди.

Газ эмбаргосун четке каккандарын маалымдаган Шрамбок: “Австрия үчүн газ эмбаргосу кызыл сызык болуп саналат”,- деди.

Жарандардын төлөгөн салыктары менен Австриянын жаратылыш газ муктаждыгы гана камсыздала ала турганын белгилеген Шрамбок, жаратылыш газынын ошого жараша сактала турганын айтып: “Бирок биз Австриянын салыктары менен Германия, Франция жана Нидерландия үчүн жаратылыш газын сатып ала албайбыз”,-деди. 

Өлкөдөгү жаратылыш газ кампаларынын запас көрсөткүчүнүн учурда 18 пайыздын тегерегинде экенин белгилеген Шрамбок, бул көрсөткүчтү 80 пайызга чыгарууну максат кылгандарын, Орусияга альтернативалуу жолдун үстүндө иштеп жаткандарын кабарлады.

Жаратылыш газына болгон муктаждыгынын 80 пайызын Орусиядан камсыздаган Австриянын Орусиянын энергетикалык компаниясы Газпромдун шарттарын кабыл алып, рубль менен төлөй турганы тууралуу кабарлар өткөн аптада эл аралык коомчулукта кеңири талкууга алынган, бирок премьер-министр Карл Нехаммер жана тышкы иштер министри Александр Шалленберг бул айыптоолорду четке каккан.

Комментарий жиберүү