АКШда азиялыктарга болгон жек көрүүчүлүктүн олуттуу өсүшү

Америка Кошмо Штаттарында азиялык рассаларга карата жек көрүүчүлүк олуттуу өстү.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Калифорниядагы Жек көрүү жана Экстремизмди изилдөө борборунун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, АКШда азиялыктарга карата расисттик бейкалыс кылмыштар 149 пайызга көбөйгөн.
CGTN веб-сайтынын маалыматы боюнча, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, АКШнын 16 ири шаарларында расисттик бейкалыс кылмыштар жалпысынан 7% га азайса, ал эми азиялыктарга каршы кылмыштар 149% га көбөйгөн.
Мындан тышкары, 2020-жылы Кошмо Штаттарда азиялыктарга каршы коронавирус пандемиясына байланыштуу бир тараптуу кылмыштар жөнүндө 2800дөн ашык билдирүү болгон.
Докладда мындай окуялардын көпчүлүгү жашыруун экендиги баса белгиленет.
Белгилей кетсек, Дональд Трамптын расисттик риториканы колдонгондугу боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгы, анын сөздөрү улуттардын азчылык топторуна болгон көз-караштарга олуттуу таасир тийгизгенин көрсөттү”,- деп билдирген топтун негиздөөчүсү жана директору Кэтрин Рамакришнан.
Экинчи жагынан, өзүнчө жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы республикалык жогорку даражалуу чиновниктердин коронавирусту “кытай вирусу” деп сыпаттоосу америкалыктардын азиялыктарга карата мамилесин өзгөрткөнүн көрсөттү.

Комментарий жиберүү