АКШда дезинфекциялоочу каражаттарда ракты козгоочу зат табылды

АКШнын “Valisure” фармацевтикалык компаниясы базарлардагы медициналык өнүмдөрдү  текшерүү учурунда колду дезинфекциялоочу айрым каражаттарда рак оорусун пайда кылган бензол бар экенин аныктады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Bloomberg” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Аталган компания колду дезинфекциялоочу айрым каражаттардан табылган бул зат ден-соолукка кооптуу экенин билдирди. Маалыматка караганда, бензол пандемиянын кызуу учурунда негизги дезинфекциялоочу каражаттар сатуудан жоголуп кеткенден кийин рынокко кирген каражаттардан табылган. Ракты пайда кылуучу бензол текшерилген дезинфекциялоочу каражат бөтөлкөсүнүн 17 пайызынан табылган.

Мындан тышкары, чегине жеткен концентрация бөтөлкөлөрдүн 8 пайызынан аныкталган. Маалыматта белгиленгендей, курамында бензол көп болгон дезинфекциялоочу каражаттардын көпчүлүгү Кытайда жана АКШда өндүрүлгөн.

Комментарий жиберүү