АКШда «Ида» бороону 44 адамдын өмүрүн алды (видео)

АКШнын түндүк-чыгышындагы төрт штатта болгон суу ташкынынан кеминде 44 киши каза болду.

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Нью-Йорктун метро линияларын суу каптап, ошондой эле авиакомпаниялардын каттамдары токтотулду, деп билдирет Reuters.
Кырсык өлкөнүн Чыгыш жээгин каптап, Нью-Йорк баш болгон көптөгөн шаарларды суу каптады.
“Ида” бороонунан улам бул аймакта катуу жамгыр жаап, көчөлөрдү, жер өтмөктөрдү, ошондой эле жер төлөлөрдөгү жана биринчи кабаттардагы турак жайларды суу каптады.
Жергиликтүү бийлик учурда табигый кырсыктан кеминде 44 адам каза болгонун тастыктады.
АКШнын президенти Жо Байден Нью-Йорк жана Нью-Жерсинин губернаторлору менен жолугушуп, аларга бардык федералдык ведомстволор даярдыкта турганын айтып, зарыл болсо жардам көрсөтүлөрүн билдирди.
Эске салсак, “Ида” бороону Мексика булуңунун жээгин 29-августта каптаган. Жергиликтүү бийлик муну 1850-жылдан бери аймактын тарыхындагы эң кубаттуу деп атаган. Жүздөгөн адамдар эвакуацияланган.
АКШнын президенти бороон-чапкындын кесепетинен Луизиана штатында табигый кырсык болгонун жарыялап, жабыр тарткандарга федералдык жардам көрсөтүүнү тапшырган.
Нью-Йоркто суу ташкынына байланыштуу чукул абал жарыяланды.

Комментарий жиберүү