АКШда кар бороонунан улам каза болгондордун саны 34кө жетти

 АКШда катуу сууктан жана кар бороонунан каза болгондордун саны 34 адамга жеткенин жана курмандыктардын саны мындан ары дагы көбөйүшү мүмкүн экенин  NPR басылмасы кабарлады.

Буга чейин каза болгондордун саны 26га жеткени айтылган. 

“Кар бороону АКШда кеминде 34 адамдын өмүрүн алды жана кээ бир тургундар үйлөрдүн ичинде камалып калгандыктан дагы көп адамдардын өмүрү кыйылышы мүмкүн”, – деп айтылат басылманын маалыматында.

Нью-Йорк штатынын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, дем алыш күндөрү бир метрден ашык кар жааган Буффало аймагында 12 киши каза болгон.

Кар бороону АКШ-Канада чек арасына жакын Улуу Көлдөрдөн АКШнын Мексика менен болгон чек арасындагы Рио-Грандеге чейин ири  аймакты каптады.

25-декабрь жекшембиде аба ырайына байланыштуу 1700дөн ашуун авиакаттам токтотулуп, 200 миңге жакын керектөөчү жарыксыз жана жылуулуксуз калган.

Бир катар энергокомпаниялар сууктун күчөшүнө жана электр тармагына ашыкча күч  келип жаткандыгына байланыштуу керектөөчүлөргө электр энергиясын, газды жана жылуулукту үнөмдөө сунушталды.

Комментарий жиберүү