АКШда окуучу мектепте ок чыгарган; Үч адам каза болду

Оксфорддогу (Мичиган штаты) мектептеги атышуудан үч адам каза болуп, сегизи жараат алды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.
Атышууга шектүү 15 жаштагы окуучу. Милиция аны мектепке келгенден бир нече мүнөттөн кийин кармап кеткен. Атышуу максаты жана аты-жөнү азырынча белгисиз.
Каза болгондор 14 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары.
Алардын бири ооруканага бараткан жолдо полиция унаасында каза болгон. Жабыркагандардын арасында мугалим да бар, ал далысынан жеңил жаракат алып, ооруканадан чыгарылган. Жабыркаган дагы жети студент ооруканада, айрымдарынын абалы оор.
Шектүү, атасы өткөн аптада сатып алган жарым автоматтык тапанчадан ок чыгарганы белгилүү. Кармалган жарандын ата-энеси ага милиция бөлүмүнө келип, тергөөчүлөргө көрсөтмө бербөөнү сунушташкан.
Бийликтин айтымында, ок атышуу алдында жергиликтүү социалдык тармактарда мектепке кол салуу коркунучу пайда болгон. 2020-жылы Кошмо Штаттарда катталган маалыматтарга караганда, ал өлкөдө ок атышуулардан 20 миңге жакын адам набыт болуп, 40 миңдейи жарадар болгон.
Ок атуучу куралдардын архивинин маалыматы боюнча, 2021-жыл Америка Кошмо Штаттары үчүн ок атуу жана ок атуучу куралдар боюнча окуяларга бай жыл болду, мурдагы жылдардагыдай, Америка Кошмо Штаттарында 2021-жылдын башынан бери 4,127 адам каза болду.

Комментарий жиберүү