АКШда электрэнергиясынын жетишсиздигинен улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

АКШнын президенти Жо Байден өлкөдө электр энергиясынын кубаттуулугунун жетишсиздиги коркунучунан улам өзгөчө кырдаал жарыялады.

Президенттин мындай чечими Россиянын Украинадагы аскердик операциясынан жана кургакчылыктан улам пайда болгон өлкөдөгү электр энергиясы боюнча курч кырдаалга байланыштуу кабыл алган.

Президенттин мындай чечими Россиянын Украинадагы аскердик операциясынан жана кургакчылыктан улам пайда болгон өлкөдөгү электр энергиясы боюнча курч кырдаалга байланыштуу кабыл алган.

Маалыматка караганда, Россиянын Украинага басып кириши энергетикалык рыноктордун үзгүлтүккө учурашын шарттады, ал эми катуу ысык жана кургакчылык электр энергиясына таңкыстыктарды жана жогорку суроо-талапты жаратууда – бул факторлор АКШнын өлкөнүн электр энергиясына болгон керектөөсүн канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурат.

Ак үй жарыялаган документте Байден АКШнын керектөөчүлөрдүн суроо-талабын канааттандыруу үчүн жетиштүү көлөмдөгү электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурган “бир нече факторлор” бар экенин белгилеген.

Өлкө башчысы бул көйгөйдү чечүү үчүн Камбоджа, Малайзия, Таиланд жана Вьетнамдан алынып келинген “айрым күн батареяларын жана модулдарын” эки жылдык мөөнөткө импорттук алымдардан бошоткон.

Ошондой эле буга чейин, АКШда күн панелдерин өндүрүүнү стимулдаштыруу үчүн “коргоонуу боюнча өндүрүш” мыйзамын ишке киргизди. Вашингтон бул “чет элдик жеткирүүчүлөргө жана душман мамлекеттерге” көз карандылыкты азайтууга жардам берет деп үмүттөнөт.

Белгилей кетсек, Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операция башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Чектөө чаралары биринчи кезекте банк секторуна жана жогорку технологиялык продуктыларга таасирин тийгизди. Көптөгөн ири компаниялар Орусиядан чыкканын жарыялашты.

Москва бул кадамдарды экономикалык согуш деп атап, мындай сценарийге даяр экенин белгиледи. Орусиянын Борбордук банкы валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды көрүп жатат, мунун аркасында рублдин долларга жана еврого карата курсу бир топ бекемделип, беш жылдыктын эң жогорку чегин багынтты. Орусия ошондой эле дос эмес өлкөлөргө газ жеткирүү үчүн төлөмдөрдү рубл менен төлөө талабын койду.

Ошол эле учурда чектөөлөр Батышта күйүүчү май, газ жана азык-түлүктүн баасынын рекорддук өсүшүнө түрткү болду.

Комментарий жиберүү