АКШнын аскердик делегациясы Баткенге кандай максатта келген?

 Американын аскердик делегациясынын Баткенге сапары – АКШнын Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалды туруксуздаштырууга жасаган кезектеги кадамы.

Мындай пикирин Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси Никита Мендкович Sputnik маалымат агенттигинде курган маегинде билдирди.

Эске салсак, жакында Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана талдоо бөлүмүнүн директору Роберт Унгер башында турган аскер делегациясы келди. Алар  Баткендеги дал кагылышуу болгон жерде болушту.

Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчисинин пикиринде, Москва Борбор Азияда тынчтык жана стабилдүүлүк болушуна кызыкдар болсо, Вашингтон бул аймакты Кытай менен Россияга каршы куралга айландыргысы келет.

“АКШ аскерлеринин бул сапары Вашингтондун Борбор Азия аймагындагы кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн жасаган дагы бир кадамы. Бул визит иш жүзүндө алдын ала жарыя кылынган эмес, эч ким менен макулдашылбаган жана иш жүзүндө делегация чыр-чатак болгон аймакка өзүм билемдик менен келди”, – дейт россиялык эксперт.

Анын айтымында, Жо Байдендин стратегиясында АКШ Борбор Азияны туруксуздуктун булагы катары пайдаланып, Кытай менен Россияга зыян келтирүү үчүн бул аймакта абал олку-солку болуп турушун көздөйт.

“Ошондуктан, америкалык аскерлердин конфликт болгон аймакка жасаган иш сапары – туруксуздуктун жолдорун издөө боюнча жасалган аракет экенин билдирет. Алардын аракеттери эки өлкө тең (Кыргызстан жана Тажикстан) кирген ЖККУнун беделин түшүрүү жана Россиянын тынчтык орнотуу аракеттерине доо кетирип, Борбордук Азиядагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Москванын көңүлүн Украинадан башка жакка буруу болуп эсептелет”, – деди Мендкович.

Ал бул сапарды Россия, Кыргызстан жана Тажикстандын лидерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен байланышы бар деп эсептерин, Америк кыргыз-тажик чек ара маселесинин Москванын катышуусу менен чечилишин каалабай тургандыгын билдирди.

“Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жаңжалды токтотуу, аймактан чыгып кеткен качкындарды кайтаруу жана эң негизгиси Россиянын катышуусу менен архивдик маалыматтарга таянып эки өлкөнүн ортосундагы адилет чек ара сызыгын издөө боюнча келишим бекитилген.

Эске салсак, 2020-жылдан бери Бишкек дагы, Душанбе дагы Москванын жардамынан баш тартып келишкен. Эки тарап тең эми гана макул болушту. Бул кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторунда болуп өткөн чыр-чатактардын жөнгө салынганы сыяктуу абдан реалдуу перспективаларды ачат”, – деди Мендкович.

Ошондой эле, ал  2015-жылы Кыргызстан менен Өзбекстанстандын ортосунда чек ара маселелерине байланыштуу мамилелер курчуп кеткендигине токтолду.

“Ал кезде чек арада бронетранспортерлор да, снайперлердин позициялары бар болчу жана жүктөрдү нормалдуу алып өтүү дээрлик мүмкүн эмес болуп калган. Азыр Кыргызстандын Өзбекстан менен болгон чек арасынын көпчүлүк тилкелери ийгиликтүү демаркацияланган. Россиянын катышуусунда кыргыз-тажик чек ара маселесин да ушундай чечсе болот. Бирок бул АКШга жакпайт”, – деп жыйынтыктады саясат таануучу

Комментарий жиберүү