АКШнын Конгрессинин жаңы делегациясы Тайванга барышты

АКШнын Тайвандагы де-факто элчилиги мүнөзүндөгү Америка институтунун билдирүүсүндө, Демократиялык партиянын Массачусетс штатынан сенатор Эд Марки жетектеген 5 кишилик делегация Азия турнесинин алкагында аралга барганы маалымдалды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Кытай менен тирешүүнү жараткан Тайванга сапарынан 12 күн өткөндөн кийин Америка Конгрессинин жаңы делегациясы аралга келди.

АКШнын Тайвандагы де-факто элчилиги мүнөзүндөгү Америка институтунун билдирүүсүндө, Демократиялык партиянын Массачусетс штатынан сенатор Эд Марки жетектеген 5 кишилик делегация Азия турнесинин алкагында аралга барганы маалымдалды.

Билдирүүдө, «Делегация жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен АКШ-Тайвань мамилелери, аймактык коопсуздук, соода, инвестиция жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт»,делди.

Маркейди Өкүлдөр палатасынын Республикачыл өкүлү Аумуа Амата Колеман жана Демократ өкүлдөрү Джон Гараменди, Алан Лоуэнтал жана Дон Бейер коштоп жүрүшөт.

Пелосинин 2 жана 3-августтагы 5 кишиден турган конгресс делегациясынын сапары аралды өз аймагынын бир бөлүгү катары көргөн Пекиндин каршы чыгуусун жараткан. Сапардан кийин Кытай аралдын айланасында аскердик машыгууларды баштады.

6 аймакта өткөрүлгөн машыгуулар аралдын айланасында иш жүзүндө блокаданы жаратты. Чыныгы курал-жарактарды жана ок-дарыларды колдонуу менен машыгуу учурунда материктик Кытайдан атылган башкарылуучу ракеталар Тайванга жакын сууларга түшкөн.

Пекин «Бир Кытай принцибин» кабыл алуу менен Тайвандын дүйнө өлкөлөрү менен көз карандысыз дипломатиялык мамиле түзүшүнө, анын Бириккен Улуттар Уюмунда жана башка эл аралык уюмдарда өкүлчүлүгүнө каршы чыгып, аны тааныган мамлекеттердин Тайвань менен дипломатиялык мамилелерин үзүшүн шарт коюп келет.

Комментарий жиберүү