АКШнын Украинада көздөгөн максаттары эмне? Кытайлык эксперттердин пикири

Мындай пикирди кытайлык эксперттер Global Times порталына берген маегинде билдиришкенин РИА Новости жазды.

Фудань университетинин эл аралык изилдөөлөр институтунун деканы У Синбо АКШнын Украинадагы жаңжалда үч максаты бар деп эсептейт: Россияны ар тараптуу алсыздандыруу, Зеленскийдин режимин турукташтыруу жана Европаны АКШнын саясатын карманууга түртүү.

Бирок эксперттер кризистик кырдаал дагы деле чечиле электигин белгилешет.

КПК борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүнүн мурдагы орун басары Чжоу Ли белгилегендей: “АКШ менен ЕБ орус-украин жаңжалын басаңдатууга эч кандай аракет көргөн жок, ал тургай курал-жарак, ок-дары берип, тескери жакка кадам таштадбагыт алды. Кризисти чечүүнүн ачкычы АКШ менен Евробиримдиктин колунда”.

Өз кезегинде Кытайдын Жэньмин университетинин эл аралык мамилелер институтунун директору Ван Ивей украин кризисинин улануусу үчүн жоопкерчилик Американын айрым түзүмдөрүндө экенин баса белгиледи.

“АКШдагы төрт негизги топ — аскердик конгломераттардын тобу, энергетикалык топ, каржылык топ жана санариптик олигархия — Украинадагы жаңжалдан алынган пайдага жана аскердик дивиденддерге канааттанбайт”, — деген эксперт.

Эске салсак, буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен The Wall Street Journal конференциясында АКШнын Украина жаңжалындагы максаттарын атаган.

Ал Вашингтон Украинага Россия 24-февралдан бери ээлеп алган аймактарды кайтарып берүүгө жардам берүүнү көздөөрүн айткан.

Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо” деп атады.

Путин белгилегендей, бул үчүн Украинаны демилитаризациялоо жана деназиялаштыруу, ДЭР менен ЛЭРдеги ” жай тургундарга каршы кандуу кылмыштар” үчүн жооптуу болгон бардык аскердик кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу пландаштырылууда.

Комментарий жиберүү