АКШ Ашраф Ганиден уурдап кеткен акчаны кайтарууну талап кылды

АКШ Конгрессиндеги республикачылар партиясынын өкүлдөрү Ашраф Ганиден уурдап кеткен акчаны кайтарууну талап кылышты.

 Республикалык Өкүлдөр палатасынын көзөмөлдөө комитетинин мүчөлөрү АКШнын Ооганстанга жардам катары берилген 169 млн. долларын уурдаган деп шектелген Ашраф Ганинин аракетин  иликтөөнү башкы прокурордон суранышты.
Белгилей кетсек, Ак үйдүн мүчөлөрү Башкы прокурор Меррик Гарландга жана мамлекеттик катчы Энтони Блинкенге жазган катында Байдендин администрациясын экс-президент Гани уурдаган каражаттарды кайтарып алуу үчүн колунан келгендин бардык аракеттерин кылууга үндөштү.
Бул боюнча Кентукки жана Висконсин штаттарынын өкүлдөрү Жеймс Комер менен Гленн Гроссман, “Ашраф Гани 169 млн. доллар накталай акча менен өлкөдөн чыгып кеткен” -деген Ооганстандын Тажикстандагы элчисинин билдирүүсүнө таянып, АКШнын Юстиция министрлиги менен Мамлекеттик департаменттен бул кабарды ырастоону суранышты.
Билдирүүдө мындай деп айтылат: “Эгер бул чын болсо, анда ал “ардактуу мамлекет башчысы катары кетпестен,  тескерисинче, коркоктук жана менчиктеп алуу менен аракет кылган болот. АКШ өкмөтү бул каражаттарды кайтарып алуу үчүн колунан келгендин баарын жасашы керек.”
Эске салсак, “Талибан” кыймылы Кабулду басып алган соң, өлкөнүн президенти Ашраф Гани үй-бүлөсү менен 169 млн. доллларды уурдап өлкөдөн чыгып кеткен – деген кабар тараган. Бул кабарды Би-Би-Си Ооганстандын Тажикстандагы элчисинин сөзүн келтирип жазган.

Комментарий жиберүү