АКШ Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга аскердик объектилерди курууну пландаштырууда

АКШ Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга, анын ичинде Түркмөнстанга аскердик объектилерди курат.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Коргоо министрлиги Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга, анын ичинде Түркмөнстанга аскердик объектилерди курууга 240 миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда.

Орусиянын ММКнын маалыматына караганда, учурда АКШнын армиясынын инженерлер тобу потенциалдуу подрядчиктерди издеп жатат.
Түркмөн өкмөтү АКШнын өлкөдө аскерий объектисин куруу пландары боюнча расмий түрдө комментарий бере элек.

Акыркы апталарда АКШ аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркмөнстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга же Кыргызстанга өткөрүлүп берилиши жөнүндө божомолдор айтылууда. Бирок азырынча Борбор Азия өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү бул маселени четке кагып же бул маселе боюнча комментарий берише элек.

Эскерте кетсек, Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн кол башчысы, генерал Скотт Миллер апрель айынын аягында АКШнын жана анын НАТОдогу союздаштарынын аскерлери бул өлкөдөн ирети менен чыгарыла баштаганын маалымдаган.

Ооганстандан АКШнын аскерлери туура 20 жылдан кийин чыгарылып жатат. Эл аралык коомчулукта “Американын аскерлери чыккандан кийин бул өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого жергиликтүү армиянын күчү жетеби? Талибан согушкерлери коңшулаш Борбор Азияга кандай коркунуч жаратышы мүмкүн?”,- деген суроолор жаралууда.

Комментарий жиберүү