АКШ Конгрессинин мүчөсү: Трамп менен Помпеонун санкциялары миңдеген ирандыктардын өмүрүн алды

АКШ конгрессмени Ильхан Омар Дональд Трамптын администрациясынын саясатын катуу сынга алып, анын өкмөтүнүн санкциялары миңдеген ирандыктардын өмүрүн алды деп билдирди.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады.

“Бул адам (АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео) желмогуз. Анын ырайымсыздыгынан жапа чеккен миллиондогон адамдарды унутпашыбыз керек”, – деп жазды Омар бүгүн эртең менен өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

“Помпео Иран элине каршы кыйратуучу санкцияларды киргизүү үчүн лобби кылган. Пандемия учурунда аларды керектүү дары-дармектерден ажыратып, миңдеген адамдардын өмүрүн алды”, – деп кошумчалды ал.

АКШнын Иранга каршы санкцияларын жана өзөктүк келишимден чыгып кетишин сынга алган Омар: “Иран учурда уруксат берилгенден 12 эсе көп байытылган уранга ээ жана Иран режими мурункудан да күчтүү”, – деп жазды.

Комментарий жиберүү