АКШ Ооганстандагы аскерлеринин 95%ын чыгарып кетти

Америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылышы дээрлик аяктады, деп айтылат АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын билдирүүсүндө.

Маалым болгондой, аскердик контингенттин 95% дан ашыгы өлкөдөн чыгып кеткен.

АКШ армиясынын өкүлдөрү ошондой эле америкалык аскерлер буга чейин ээлеп келген жети объектти көзөмөлдөө ишин Ооганстандын Коргоо министрлигине өткөрүп бергенин билдиришти.

Пентагон 17 миңге жакын жабдыкты жок кылат. Анын көпчүлүгү өлүмгө алып келбеген коргонуу каражаттары.

Эске салсак, америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу 2021-жылдын башында пландаштырылган, бирок ал процесс созулуп, натыйжада, америкалык аскерлер апрель айынын аягында чыга баштаган.

АКШнын президенти Жо Байден аскерлер өлкөдөн 11-сентябрга чейин чыгып кетерин жарыялаган.

Учурда Ооганстандагы америкалык аскерлер чыгып жаткан учурда өкмөттүк күчтөр менен Талибандын ортосунда ири салгылаштар жүрүп жатат.

Согушкерлер Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын чек араларына жакын келишти.

Комментарий жиберүү