АКШ Ооганстандан чыгарылган аскерлерин Тажикстанга жана Өзбекстанга жайгаштырышы мүмкүн

АКШ Ооганстандан чыгарылган аскерлерин Борбор Азия өлкөлөрүнө, атап айтканда Өзбекстан жана Тажикстанга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Бул тууралуу ишемби күнү The Wall Street Journal булактарга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Ооганстандан өз аскерлерин чыгарып кете баштаган Америка жетекчилиги ооганстан өкмөтүнө колдоо көрсөтүү, радикал Талибан кыймылынын ишин көзөмөлдөө жана башка экстремисттерди көзөмөлдөө үчүн аскерлерин башка өлкөлөргө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.  Географиялык көз караштан алганда Ооганстан менен чектешкен Өзбекстан жана Тажикстан эң ылайыктуу вариант деп каралууда.

“Бирок бул аймакта Орусиянын ири аскердик катышуусу, Кытайдын таасиринин өсүшү жана анын Вашингтон менен болгон мамилесиндеги чыңалуу Борбор Азияда базаларды түзүүнү кыйындатып жатат”, – деп белгилейт басылма.

“The Wall Street Journal” басылмасынын булактары Американын жетекчилиги азырынча аталган мамлекеттердин аймагында аскердик базаларды түзүү боюнча расмий суроолорду жасай электигин белгилешти. Ошол эле учурда, булактардын айтымында америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү  ушул жылдын июль айына чейин мөөнөтүнөн мурда бүтүшү мүмкүн.

Эгерде АКШнын аскер күчтөрүн Ооганстан менен чектешкен өлкөлөрдүн аймагында жайгаштыруу боюнча келишим жетишилбесе, анда Америка жетекчилиги аларды Перс булуңундагы мамлекеттерге жайгаштыруу  вариантын карап көрүүгө даяр болот, деп белгилейт The Wall Street Journal.

Мындан тышкары, региондо учак учуруучу согуштук кеме жайгаштыруу варианты резерв катары каралууда, анын жардамы менен кыска убакыттын ичинде, анын ичинде АКШнын Кабулдагы элчилигин коргоого болот.

Эске салсак, 2001-жылы америкалык аскерлер Кыргызстан жана Өзбекстандагы базаларга жайгаштырылган, бирок 2005 жана 2014-жылдары бул өлкөлөрдөн толугу менен чыгарылган.

Комментарий жиберүү