АКШ Россия, Иран жана Кытайга бир учурда каршы тура алабы?

 Россия, Иран жана Кытайдын биргелешкен иш-аракеттери АКШнын глобалдык таасирин кыйла алсыздантышы мүмкүн, деди америкалык тарыхчы Хал Брэнд Bloomberg басылмасы үчүн жазган макаласында.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“АКШ өкмөтү бир учурда келген кыйынчылыктар менен күрөшүүдө кыйналып жатат, себеби жогорудагы саясатчылар баарына көңүл буруп жетишпейт. Анын үстүнө азыркы тапта Американын кансыз согуштан берки мезгилге караганда аскердик чакырыктарга туруштук берүү мүмкүнчүлүгү аз. Кансыз согуштан бери мындай боло элек болчу. 2010-жылдын башында коргонууга жумшалган чыгымды кыйла кыскартуу абалды начарлатып, АКШны 1990-2000-жылдардагы “кош согуш” стандартын эмес, “бир согуш” коргонуу стратегиясын кабыл алууга мажбурлады”, – деп айтылат макалада.

Автор АКШ Украинадагы кризисти чечүүнү, кытай-тайвань жаңжалын жөнгө салууну жана Иранды ооздуктоону бир эле учурда алып кете албасын белгилеген.

“АКШ менен каршылаштарынын ортосундагы согуш аскердик аракеттердин театрынын баарында боло турган көрүнүш. Алардын баарында мүмкүнчүлүктөр ачык көрүнүүдө”, – деп эсептейт америкалык тарыхчы.

Вашингтондун Россия, Кытай менен чыңалган мамилеси аны Иранга кылдат мамиле жасоого мажбурлап жатат, ошол эле учурда Байдендин администрациясы Москва менен каршылашып жатканда Си Цзиньпинди провокациялоодон алыс болуш керек”, – деген Хал Брэндс.

Буга чейин Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШ глобалдык коопсуздук системасынын бузулганына жооптуу экенин билдирген. Ал мындан 60 жыл мурун советтик лидер Никита Хрущёв менен АКШнын президенти Жон Кеннеди өзөктүк апокалипсистен алыстап, геосаясий тил табышып, жардан алыс болууга акылмандык кылышканын эске салган.

Ал анда Вашингтон Кубага кол салбоого кепилдик берип Түркиядан “Юпитер” ракеталарын чыгарып кеткен, ал эми Москва “Эркиндик аралына” жеткирген советтик ракеталарын чыгарып кеткенин белгилеген.

Комментарий жиберүү