АКШ Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмираттарына курал сатууну убактылуу токтотту

Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары АКШнын Сауд Аравиясына жана БАЭге аскердик куралдардын бир бөлүгүн сатууну убактылуу токтото туруу жөнүндө чечимин билдирди.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, маалымат булактары АКШ Сауд Арабиясына жана БАЭге курал сатууну убактылуу токтотконун кабарлашты.
РТ маалымат каналы АКШнын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап билдиргендей, Байден өкмөтү Сауд Арабиясы менен БАЭге курал сатууну убактылуу токтотту.
Ошондой эле Bloombergдин коргонуу боюнча кабарчысы бул тууралуу социалдык тармактарда 27-январда жарыялап, Байден өкмөтү Бириккен Араб Эмираттарына F-35 согуштук учактарын сатууну токтотконун билдирди.

Комментарий жиберүү