АКШ Тажикстанга 1,3 миллион долларлык техника берди

АКШ тажик чек ара күчтөрүнө 18 жол тандабас унаа берди. Бул тууралуу америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

“1,3 миллион долларга бааланган “Jeep” үлгүсүндөгү жол тандабастар Тажикстандын чек ара коопсуздугуна жардам көрсөтүү максатында берилди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта бул техникалар чек ара аскерлерине чек ара аймактарынын оор географиялык шарттарында операцияларды жүргүзүүгө жардам берери белгиленет.

“Биз Тажикстанга чек ара коопсуздугу жаатындагы тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана терроризмге, баңги аткезчилигине жана массалык кыргын салуучу куралдарга каршы күрөштө өнөктөш бойдон кала беребиз”, – деп билдирди АКШнын Душанбедеги элчиси Жон Поммершайм унааларды тапшыруу аземинде.

Ал ошондой эле келерки жылы Тажикстандын коопсуздук тармагына 60 миллион долларга жакын каражат салуу пландалып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусия Тажикстандын армиясына модернизацияланган брондолгон чалгындоо-патрулдук (БРДМ-2М) 12 унаа берген.

Тажикстанга аскердик техникаларды өткөрүү улуттук куралдуу күчтөрдү модернизациялоо программасынын алкагында, ошондой эле тажик-ооган чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу ишке ашырылууда.

Комментарий жиберүү