АКШ Өзбекстанга аскердик автоунааларды берди

Бул тууралу Американын Өзбекстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аскердик унаалар америкалык коргонуу продукциясынын бир бөлүгү болуп саналат. Алар Өзбекстанга «Өнөктөштөрдүн потенциалын жогорулатуу» программасынын алкагында кайтарымсыз жардам иретинде берилген.

“Бул техниканын берилиши – Өзбекстандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого салым кошуу үчүн АКШ Ташкентке берип жаткан көмөктүн бир гана формасы болуп эсептелет. Кошмо Штаттар акыркы 31 жылдын ичинде өнүгүп келаткан ортодогу өнөктөштүк мындан ары да өнүгөт деп үмүттөнөт”, – деп айтылат билдирүүдө.

АКШ “Өнөктөштөрдүн потенциалын бекемдөө” программасынын алкагында чет өлкөлөр менен аскердик даярдык жана аскердик техникаларды башкаруу тармактарында кызматташып келет.

Polaris MRZR – эл аралык атайын операцияларга жана экспедициялык миссияларга арналган төрт кишилик, жеңил, дизелдик кыймылдаткычы бар тактикалык аскердик унаа. Ал 680 кг жүк көтөрүп, 680 кг жүктү сүйрөй алат.

Комментарий жиберүү