Акыркы 24 саат ичинде 3501 индиялыктын короновирустан өлүмү катталды (статистика)

Акыркы дүйнөлүк статистикага ылайык, Индияда кечээ кечинде 386 миңден ашуун адам коронавирусун жуктуруп, 3501 адам өмүрүнөн айрылды.

“Дүйнөлүк” маалымат базасынын акыркы глобалдык статистикасына ылайык, бүгүн эртең мененкиге чейин (30-апрель) дүйнөдө 151 миллион 159 миң 892 адам коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды.
Алардын ичинен 3 млн. 179 миң 925 бейтап көз жумган.

Ошондой эле дүйнөдөгү жалпы бейтаптардын ичинен 128 млн. 571 миң 187 адам айыгып, бул ооруну жеңе алышты.

Ал эми дүйнөдө эң көп ооруган Америка Кошмо Штаттарында акыркы сутка ичинде 59269 учурга көбөйүп, жалпы ооругандардын саны 33 млн. 44 миң 68 адамга жетти; буга чейин, өлкөдө Covid 19 менен 589 207 америкалык көз жумган.

Учурда, Индия оору боюнча дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунда турат. Акыркы 24 саат ичинде 386 888 учурга көбөйүп, жалпы 18 млн. 762 миң 976 учурга жеткен; буга чейин бул өлкөдө 208 миң 330 адам коронавирус оорусунан көз жумган.

Бразилия акыркы 24 саатта 77 266 учурга көбөйүп, жалпы 14 млн. 592 миң 886 учурга жеткен дүйнөдөгү үчүнчү өлкө болду жана буга чейин коронавирус оорусунан 401 417 адам көз жумган.

Ошондой эле 5 млн. 592 миң  учур Франция, 390, 4 млн. 796 миң 557 учур менен  Орусия, 4 млн. 788 миң 700 учур менен Түркия, 4 млн. 414 миң 242 оору менен Англия жана 4 млн. 9 миң, 1208 адам менен Италия дүйнөдө коронавирус менен төртүнчүдөн сегизинчи орунга чейин орунду ээлешти.

Ал эми, Испания 3 млн. 514 миң 942, Германия 3 млн. 379 миң 387 жуктурган адам менен дүйнөдө тогузунчу жана онунчу орунда турат.

Комментарий жиберүү