Алжирде токойдогу өрттөн 38 адам каза тапты. Арасында балдар да бар

Алжирде токой өртү кеминде 38 адамдын өмүрүн алды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, түтүндөн жүздөгөн жергиликтүү тургундар күйүк алып же дем алуусу начарлап, ондогон адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Токой өртүнөн эң көп Тунис менен чектеш Эль-Тарф провинциясы зыян тарткан.

Аймакта бүтүндөй зайтун бактары өрттөнүп, үй жана жапайы жаныбарлар кырылып калган.

Кургакчылык жана 48 градуска чейин көтөрүлгөн жогорку температура өрт өчүрүүчүлөрдүн ишин бир топ кыйындаткан.

Жаратылыш кырсыгына күбө болгондордун бири бир автобустун ичинде 7 адам тирүүлөй күйүп кеткенин билдирди. Жол жабык болгондуктан алар эч жака кача алышкан эмес. 

“Жалын бүт аймакты каптап калган. Автобуста каза болгондордун арасында кичинекей балдар да бар. Алар бири-бири менен кучаташкан абалда каза болушкан”, – деп билдирген ал.

Комментарий жиберүү